АКШ менен Израил Иранга сокку уруп, Тегеран аларга жооп кайтарган кырдаалда Ирандагы кыргызстандыктардын абалы тууралуу Кыргызстандын элчиси Акылбек Кылычев айтып берди.
Анын айтымында, Тегеран шаарында абал оор, көчөлөр ээн, дүкөндөр чектелген режимде гана иштеп жатат. Элчилик учурда жүзгө чукул кыргыз жаранын каттоодо турат, алардын көбү көп жылдар мурун ирандык жарандарга турмушка чыккан кыздар.
Элчилик кырдаал курчуган учурда жарандарга байланышып, мүмкүнчүлүк болсо коопсуз жакка чыгарууга аракет кылууда. Соңку күндөрү эки жаран Азербайжанга чыгарылып, жардам берилген. Консул күнү-түнү телефондо байланышта, зарыл учурда бардык кыргызстандыктарга жардам көрсөтүлөт.
Акылбек Кылычев белгилегендей, кырдаал күтүүсүз жана тез өзгөрүп жаткандыктан алдын ала болжолдоо өтө кыйын. Элчилик менен Тышкы иштер министрлиги мүмкүн болгон коркунучка карата иштеп жатат, бирок Иранда бийлик жашыруун жайларда иштеп жатканы маалымат алууну татаалдаштырат.
Элчи ошондой эле сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда сокку урулганы маселени татаалдаштырып, кырдаалды саясий жактан алдын ала баалоону кыйындатканын кошумчалады. Ал кырдаалдын кандай өнүгүп, кандай аяктаарын так айтуу азырынча мүмкүн эмес экенин белгиледи.
Ирандагы кыргызстандыктар учурда коопсуз жайларда, элчилик күнүмдүк жардам берип, эвакуация үчүн байланышта тураарын белгиледи.


