Ирандын жаңы Жогорку лидери болуп каза болгон аятолла Али Хаменеинин уулу Можтаба Хаменеи шайланды. Бул тууралуу Iran International маалымат агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ирандын Эксперттер ассамблеясы 56 жаштагы Можтаба Хаменеини өлкөнүн Жогорку лидери кызматына тандаган.
Можтаба Хоссейни Хаменеи 1969-жылы 8-сентябрда шииттер үчүн ыйык шаарлардын бири болгон Мешхедде төрөлгөн. Ал маркум Али Хаменеинин экинчи уулу. Теологиялык билим алып, 1999-жылы Кум шаарындагы диний борбордо окуган. Кийин дин кызматкери болуп, семинарияда теология сабагынан окутуучу болуп иштеген.
2004-жылы ал Иран парламенти — Межлистин мурдагы төрагасы Голам-Али Аделдин кызына үйлөнгөн.
Можтаба Хаменеи Ирандын алтынчы президенти Махмуд Ахмадинежаддын (2005–2013) активдүү колдоочусу катары белгилүү. Анын башкаруу мезгилинде айрым либералдык реформалар артка кайтарылып, Ирандын өзөктүк программасы ылдам өнүккөн.
Ал 2005 жана 2009-жылдардагы президенттик шайлоолордо Ахмадинежадды ачык колдогон. Айрым эксперттер Можтаба Хаменеини 2009-жылдын июнь айында шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан массалык нааразылык акцияларын басууда негизги фигуралардын бири болгон деп эсептешет.


