Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыУнааларды "күндөн коргоочу крем" ойлоп табылды

Унааларды «күндөн коргоочу крем» ойлоп табылды

Жапон автоөндүрүүчүсү Nissan күндүн нурунан унаанын ысып кетишин алдын ала турган атайын боёкту сынап жатат. Бул тууралуу Euronews жазды.

Маалыматка ылайык, Nissan компаниясы иштеп чыккан боёктун курамында метаматериалдар бар. Анын микробөлүкчөлөрүнүн бири күн нурунун инфракызыл бөлүгүн тосуп, чагылдырат. Экинчиси болсо топтолгон жылуулукту электромагниттик толкунга айландырып, аны Жердин атмосферасынан сырткары чыгарып жиберет.

Бул жаңы технология күн алдында көпкө токтоп турган унаанын сырткы температурасын 12°C, ал эми ичин 5°C төмөн кармаган. Сыноо 2024-жылдын августунда Токио эл аралык аэропортунда өткөрүлгөн.

Компаниянын маалыматына караганда, мындай инновация кондиционерди азыраак иштетүүгө шарт түзүп, күйүүчү майдын же аккумулятордук энергиянын үнөмдөлүшүнө көмөктөшөт. Айрыкча электромобилдер үчүн бул чоң артыкчылык болуп эсептелет.

Учурда ак түстөгү боёк сыноо баскычында турат, бирок келечекте ар кандай түстө чыгарылуусу мүмкүн.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар