Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу «парламент өлкөдө таасири бар жана күчтүү бийлик бутагы» деп эсептей турганын билдирди. Бул тууралуу ал 26-июнда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын IV сессиясы жыйынтыкталган жыйында айтты.
Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңешке коомдо орундуу да, орунсуз да сын-пикирлер айтылып келатканын, бирок парламент өз ыйгарым укуктарынын чегинде жакшы иштеп, мамлекеттин өнүгүшүнө негиз болгон тарыхый чечимдерди кабыл алып жатканын билдирди.
“Парламент алсырап калды. Акыбалы мурдагыдай эмес” дегендерге кошулбайм. Кандай гана мамлекеттик маселе болбосун ушул жерде чечилет жана кабыл алынат. Бул жерде кабыл алынбаган чечимдер болсо ал ишке ашпайт, иштебейт. Бардыгы парламент кабыл алган эрежелер менен ишке ашат”, — деди төрага.
Депутаттар 26-июндан баштап эки айлык эс алууга тарады. Парламенттин төрагасы билдиргендей, депутаттар бир ай шайлоочулар менен жолугуп, бир ай эмгек өргүүсүндө болот. Жогорку Кеңеш ишин сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тарта баштайт.
Тактай кетсек, 2020-жылы 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан шайланган.