whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомСадыр Жапаров мектептерде санариптик коопсуздук боюнча мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров мектептерде санариптик коопсуздук боюнча мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Жалпы билим берүү уюмдарында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Маалыматка ылайык, мыйзамдын максаты балдарды мобилдүү түзүлүштɵрдүн терс таасиринен жана кибербуллинг тобокелдигинен коргоо болуп саналат.

Мыйзамдын милдеттери болуп тɵмɵнкүлɵр саналат: 

– окуу процессинде мобилдүү түзүлүштɵрдү пайдаланууну жөнгө салуу жана коопсуз, этикалуу билим берүү чɵйрɵсүн түзүү;

– санариптик сабаттуулук жана мобилдүү түзүлүштɵр менен маалыматтык технологияларды аң-сезимдүүлүк менен пайдалануу жɵндɵмдɵрүнɵ окутуу;

– жаңы кɵйгɵйлɵрдү жана технологияларды эске алуу менен коомду натыйжалуу ɵнүктүрүүгɵ жаш муунду даярдоо.

Мыйзамда жалпы билим берүү уюмунда мобилдүү түзүлүштɵрдү пайдаланууну жөнгө салуу принциптери, билим берүү процессинде мобилдүү түзүлүштɵрдү пайдалануу саясаты, билим берүү чөйрөсүндө кибербуллинге жана жол берилгис контентке каршы күрɵшүү боюнча чаралар камтылган.

Мындан тышкары, кибербуллинг жана жол берилгис контентти таратуу фактыларын кароо үчүн жалпы билим берүү уюмунун жетекчилигинен, мугалимдерден жана ата-энелерден турган курамында 5 адам болгон туруктуу комиссияны түзүү, ошондой эле аталган комиссиянын укуктары каралган.

Эске салсак, аталган мыйзам 2025-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар