Былтыр өлкөдө 7,3 миллион киши жашаса, анын 263 миңге жакыны каттоосуз калган. Бул мамлекеттик кызматтарды туура пландаштырууда жана коммуналдык системаларды башкарууда тоскоолдук жаратууда.
Мындан улам каттоого турбагандарга карата административдик жоопкерчилик киргизүү сунушталган. Жашаган жерин өзгөрткөндөр каттоосун жаңыртпаганы 10 күндөн ашса 1000 сом айып каралууда. Бул нерсе кайталанса айып 2000 сомго өсөт.
Кыргызстанда жер которгондорду каттоого турууга милдеттендирүү сунушталууда. Укук бузуулар кодексине тиешелүү өзгөртүүлөр коомдук талкууга чыгарылды.
Маалыматка ылайык, жашаган жерин алмаштыргандар же 45 күндөн ашык убактылуу жашай тургандар 10 күндүн ичинде каттоого турууга милдеттүү. Бирок жоопкерчилик каралбагандыктан жарандар бул жобону аткарбай келери айтылган.
Эске салсак, жарандар онлайн-каттоодон “Түндүк” мобилдик тиркемеси же мамлекеттик портал аркылуу өтө алышат.