Башкы беткеСаясат жана коомКоомСейсмоизолятор чыгарган завод курулат

Сейсмоизолятор чыгарган завод курулат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин айтымында, кечээ Кытай компаниясы менен 10 млн. АКШ долларына келишим түзүлдү.

«Кыргызстанда Курулуш министрлигинин базасында сейсмоизоляторлор чыгаруу боюнча завод курулат. Башкаруу 51/49 пайыз менен. 51 пайыз мамлекеттин пайызы болот. Ушул эле келишимдин негизинде жер кыртышын изилдөө боюнча 3 мобилдик жана 3 лаборатория болот.

Андан тышкары 1,5 млн. доллар мамлекетке грант келет. Ал акча каражат Курулуш министрлигинин жабдыктарын алууга жана имараттарын курууга колдонулат. Келишимди аткаруу мөөнөтү 90 күн. Ал убакытта 11,5 млн. АКШ долларын Кыргызстанга алып келишет», — деди ал.

Келишимдин иштөө мөөнөтү 7 жылга түзүлдү. 7 жылдан кийин бардык имараттар жана жабдыктар толук мамлекетке өткөрүлмөкчү.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар