XXVII Шанхай эл аралык кинофестивалында “Эң мыкты тасма» сыйлыгын жеңип алган режиссер Актан Арым Кубаттын «Кара Кызыл Сары» аттуу толук метраждуу көркөм тасмасынын сценарийи жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде жазылып, “Кыргызфильм» улуттук киностудиясында тартылган. Тасмада кыргыздын, анын ичинде каармандын килем токуу өнөрү жана анын кеч келген махабаты чагылдырылган.
“2022-жылы ноябрь айында Актан Арым Кубат телефон чалып: “Сиз менен жолугуп, чыгармачылык боюнча сүйлөшөлү”,-деди. Жолукканда менин “Долу” деген аңгемемди окуп таасирленгенин жана кино тартайын деген ою бар экенин айтты. Мен каршы эмесмин, тарта бериңиз десем: “Сценарийин өзүңүз жазып берсеңиз жакшы болот эле”,- деп менин “Балакана” деген китебимди алып Токиого учуп кеткен. Кийин эки айдан кийин жолуктук. Ошондо: “Сиздин китепте бир топ жакшы аңгемелер бар экен. Өзүңүздүн көңүлүнүзгө төп келген аңгемелерди алып, толук метраждуу тасмага сценарий жазып берсеңиз”,-деди. Ошентип, “Гилемчи”, “Долу”, “Көк-Суу” жана “Урум” деген аңгемелеримди негиз кылып фильмдин сценарийин (Актан Арым Кубаттын катышуусу менен) бир жылда жаздым”,-дейт сценарийдин автору Топчугүл Шайдуллаева.
Тасма салттуу килем токуу аркылуу ал токулган үй-бүлөнүн каалоосун, гармониясын (же келишпестигин), кулк-мүнөзүн, жашоо-турмушун күзгүдөй чагылдырган килемчи Турдугул аялдын тагдырын чагылдырат. Ошондой эле сүйүү, үй-бүлөдөгү моралдык жоопкерчилик темалары көтөрүлүп, миграция жана чек ара аймактарындагы жашоо көйгөйлөрү чагылдырылган.
Ал эми тартуу иштери Баткен облусунда жүргүзүлгөн. Фильмдин аталышы килемдеги өңдөргө байланыштуу коюлган. Баштапкы аталышы “Кызыл өрүк” деп аталган. Тартуу иштери аяктагандан кийин режиссердун сунушу менен «Кара кызыл сары» деп өзгөртүлгөн.
“Актан Арым Кубатка кайрылып, фильм Баткенде тартылса жакшы болот эле деген сунушумду айтсам, ал киши каршы болгон жок. Ошентип, бул тасма Баткенде өрүк бышкан кезде анан күзүндө тартылды. Кинодо Баткендин колоритин сактаганга аракет болду. Баткендин айылдарындагы элдин жашоосу, турмуш тиричилиги, маданияты, килемчилик өнөрү чагылдырылды. 50 жылда эл жаңы дегендей Баткен эли дагы, жери дагы азыр мурдагыдан өзгөргөн. Бирок, Актан Арым Кубат мен жазган окуяларды чагылдырыш үчүн ошондой көчөлөрдү, үйлөрдү таап тартты. Мындан 20-30 жыл мурунку учурдун элеси берилди”,- деди Т.Шайдуллаева.
Башкы ролдорду Наргиза Маматкулова менен Айгүл Бусурманкулова ойногон. Оператору — Талант Акынбеков, коюучу сүрөтчү — Орозбай Абсаттаров, үн режиссеру — Марс Тугелов, монтажы — Евгений Крохмаленко, музыкасы — Баласагын Мусаев. Башкы ролдордо Наргиза Маматкулова, Айгүл Бусурманкулова жана Мирлан Абдыкалыков тартылышкан.
Белгилей кетсек, «Кара Кызыл Сары» тасмасы Golden Goblet Awards сыйлыгы үчүн Чили, Бразилия, Кытай, Польша, Германия, Япония жана Португалиядан келген тасмалар менен ат салышты.
Калыстар тобунун төрагасы — “Оскар” жана “Золотой глобус” сыйлыктарынын ээси, италиялык режиссёр Джузеппе Торнаторе болду.
Эске салсак, Актан Арым Кубат 2023-жылы Шанхай кинофестивалында башталгыч режиссерлордун “Азиянын жаңы таланттары” конкурсунун калыстар тобуна төрагалык кылган.
Кинофестиваль 13-июндан 22-июнга чейин болуп өттү. Шанхай эл аралык кинофестивалы — Борбор Азиядагы жана Кытайдагы, Кинопродюссерлер ассоциациясынын эл аралык федерациясы (FIAPF) тарабынан аккредитацияланган, “А” класстагы ири фестиваль. Ал 1993-жылы негизделген. Быйыл фестивалга жүздөн ашык өлкөдөн эки миңге жакын тасма, жарым миллионго жакын көрүүчү чогулду.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу”