whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
22.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкекте карызы бар 6200 абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт

Бишкекте карызы бар 6200 абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт

“Бишкек электр тармактары” ишканасы электр энергиясына карызы бар 6200 абоненттин жарыгын 24-июндан тартып өчүрө турганын эскертти. Бул тууралуу маалымат 23-июнда мекеменин социалдык баракчасында жарыяланды.

Кыргызстанда, анын ичинде Бишкекте электр энергиясын колдонуучулардын көп бөлүгүнө автоматташтырылган маалымат-эсептөөчү көзөмөл системасынын  эсептегичтери коюлган. Ал карызы бар абоненттердин жарыгын аралыктан өчүрүп коюуга мүмкүндүк берет.

Мекеменин билдирүүсүндө жарык карыздын өлчөмүнө карап эмес, өз мөөнөтүндө төлөнбөгөнүнө байланыштуу өчүрүлөт. Эгер абоненттер карызын төлөсө аларга электр жарыгы ошол замат автоматтык түрдө берилери белгиленген.

Абоненттер компаниянын сайты аркылуу өз эсебиндеги карыздын көлөмүн көрүп тура алат. Ошондой эле 105, 1209, 0772/0702/0556 00 12 09 номерлерине чалып, же 0556 001209 WhatsApp номери аркылуу байланышып сурап-биле алышат.

Төлөмдөр атайын кассалардан сырткары “Мой свет”, “Quickpay”, “Pay24”, “UMAI”, “KICB”, “Megacom”, “О!”, “Оңой” төлөм терминалдарында, “О!”, “MegaPay”, “UMAI”, “Элсом” электрондук капчыктарында, “РСК Банк”, “Керемет Банк”, “Дос Кредо Банк”, “Бакай Банк”, “Кыргызстан”, “Халык Банк”, “КICВ Банка”, “Оптима Банк” мекемелеринин, “Кыргызпочтасы” ишканасынын кассаларында да кабыл алынат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар