Башкы беткеСаясат жана коомКоомСалык кызматынын төрагасы «Кока-Кола» заводуна барды

Салык кызматынын төрагасы «Кока-Кола» заводуна барды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Бишкектеги «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» заводуна барып, ишкананын өндүрүш процесси жана келечектеги пландары менен таанышты.

Ал сапардын максаты коомчулукка ири өндүрүш ишканалары керектөөчүлөрдүн саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн жооптуу экенин белгиледи.

Заводдо алкоголсуз суусундуктарды өндүрүү, куюу жана акциздик маркалоо процесси көрсөтүлдү. Шыкмаматов белгилегендей, суусундуктар оригиналдуу капкак жана чыныгы акциздик марка менен гана сатылышы керек.

Ошондой эле, салык кызматы сапатсыз жана жасалма продукциядан коргоо үчүн акциздик маркалардын дизайнын жана сапатын жакшыртууну пландап жатат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар