whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.03.2025
20.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргызстанда инвестициялык аймакты түзүү демилгеленүүдө

Кыргызстанда инвестициялык аймакты түзүү демилгеленүүдө

Кыргызстан менен Улуу Британия атайын инвестициялык аймакты түзүүнү демилгелешүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинети маалымдады.

Бул демилге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланган.

Жолугушууда эки тарап Кыргызстанда инвесторлордун укуктарын коргоо маселесин сүйлөшүшкөн. Ошондой эле инвестициялык жана башка коммерциялык талаш-тартыштарды чечүү үчүн көз карандысыз арбитраждык механизмди түзүү пландалган.

Мындан тышкары, бизнес жүргүзүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзө турган өзгөчө укуктук режими бар атайын инвестициялык аймакты (ИТТ) түзүү демилгеси талкууланган.

Элчи Николас Боулер Улуу Британия Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга көмөктөшүү үчүн укук тармагындагы экспертизасы жана тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экендигин айткан.

Ал эми Адылбек Касымалиев: «Ыңгайлуу инвестициялык климатты түзүү жана инвесторлордун укуктарын ишенимдүү коргоо Кыргызстан үчүн приоритеттүү милдеттер болуп саналат. Биз инвесторлордун биздин укуктук системага ишенимин арттыруу үчүн эл аралык тажрыйбаны, анын ичинде англис укугун үйрөнүүгө жана колдонууга кызыкдарбыз»,- деген.

 

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар