Башкы беткеРубрикаларБилим берүүЖРТнын тапшырмаларын мектеп программасына шайкеш келтирүү талабы айтылды

ЖРТнын тапшырмаларын мектеп программасына шайкеш келтирүү талабы айтылды

Жалпы республикалык тесттирлөөдөгү тапшырмаларды мектеп программасына дал келтирүү керек. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу билдирди.

Ал ЖРТнын суроолору мектеп программасы боюнча түзүлбөй жатканын, бүтүрүүчүлөр сынакты жакшы тапшырыш үчүн 2-3 ай окуу борборлоруна, башка мугалимдерге барып, акча төлөп даярданып, убара тартып жатканын айтты.

«Андан көрө мектеп программасына тесттеги тапшырмаларды дал келтириш керек. Бул боюнча канча жылдан бери айтылып келүүдө. Бизге да кайрылуулар көп түшүп жатат» – деди ал.

Жыйында отурган билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева Тургунбек уулунун сөзүн колдоп, тесттеги тапшырмаларды мектеп программасына дал келтирүү боюнча иштер жүрүп датканын билдирди.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар