Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаАйыл чарба азыктарын көзөмөлдөө системасы киргизилет

Айыл чарба азыктарын көзөмөлдөө системасы киргизилет

Бишкекте айыл чарба продукциясын көзөмөлдөө системасын киргизүү боюнча тааныштыруу семинары өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, иш-чара аталган министрлик менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан ФАОнун Техникалык кызматташтык долбоорунун алкагында уюштурулуп, агроазык-түлүк тармагын санариптештирүүгө жана продукциянын сапаты менен коопсуздугун камсыздоого багытталды.

Система продукциянын жолун фермерден баштап керектөөчүгө чейин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берип, жарандардын ишенимин арттырып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтери айтылды.

Семинарга министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана ФАОнун адистери катышып, системанын максаттары, ишке ашыруу этаптары жана күтүлгөн жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти.

Көзөмөлдөө системасы пилоттук аймактарда жана айрым продукция түрлөрүндө сыноодон өткөрүлүп, андан соң республика боюнча кеңири колдонууга сунушталат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар