whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
22.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖер мунапысы боюнча арыздарды кабыл алуу 1-июлда токтойт

Жер мунапысы боюнча арыздарды кабыл алуу 1-июлда токтойт

Жер мунапысына байланыштуу турак жай курууга алынган жер тилкелерин мыйзамдаштырууга арыздарды кабыл алуу 1-июлда токтойт.

Жер мунапысы боюнча республикалык комиссиясынын маалыматына ылайык, арыздарды кабыл алуу токтогондон кийин жер тилкесин мыйзамдаштырууга тийиштүү документтерди чогултуу улантыла берет.

Соңку, 6-июндагы маалыматка ылайык, Жер мунапысына байланыштуу атайын комиссияга жалпысынан өлкө боюнча 170 766 арыз келип түшкөн. Учурда 68 433 үйгө паспорт, 64 745 жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилди. Жалпы 10 338 гектар жер аянты трансформацияланган. Ошол эле учурда түрдүү себептер менен 25 152 арыз артка кайтарылган.

Бишкекте аталган комиссияга 30 миңден ашуун арыз түшкөн, анын 12 630у коомдук талкууга коюлган. Жыйынтыгында 6466 үйгө паспорт, 3606 жер тилкесине «Кызыл китеп» берилген.

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” же жер мунапысы жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар