17-июнда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев борбор калаадагы Шаардык тез жардам клиникалык ооруканасынын базасында иштеп жаткан Республикалык күйүк борборуна барды.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчы бейтаптардын жашоо шарттары, мекеменин материалдык-техникалык жабдылышы менен таанышып, медициналык персонал менен баарлашты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө борбор учурда модернизациялоого муктаж экендиги аныкталды: палаталар оорулуулар үчүн тийиштүү деңгээлдеги ыңгайлуулукту камсыз кылбайт, ал эми медициналык жабдуулар жана медициналык багыттагы буюмдар эскирип, заманбап талаптарга жооп бербейт.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Адылбек Касымалиевге борбордун курамында 36 керебет, анын ичинде 6 керебет интенсивдүү терапия бөлмөлөрүндө бар экендигин маалымдады. Мекеме республиканын бардык аймагынан келген эң оор жана өтө оор бейтаптарга жардам көрсөтүп, аларды дарылоону жана андан кийинки реабилитацияны камсыз кылат.
«Жыл сайын борбордо орто эсеп менен 1700гө жакын бейтап дарыланат. Медициналык жардам күнү-түнү, анын ичинде шашылыш түрдө көрсөтүлөт», — деп белгиледи министр.
Мекеменин абалы менен таанышкандан кийин Министрлер Кабинетинин Төрагасы мекеменин материалдык-техникалык базасын тез арада жаңылоо зарылдыгын өзгөчө белгиледи. «Борбордогу жабдуулар, түз айтканда, революцияга чейинки. Ал моралдык жана физикалык жактан эскирген жана толугу менен алмаштырууга тийиш», — деп тынчсыздануусун билдирди Адылбек Касымалиев.
Белгиленген көйгөйлөрдү ыкчам чечүү максатында Министрлер Кабинетинин башчысы Саламаттык сактоо министрлигине, Финансы министрлигине жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине имаратты капиталдык оңдоо жана заманбап жабдууларды сатып алуу үчүн зарыл болгон деталдуу финансылык-экономикалык эсептөөлөрдү кыска мөөнөттө даярдоону тапшырды.
Адылбек Касымалиев жарандарды дарылоо үчүн тийиштүү шарттарды жана медицина кызматкерлеринин татыктуу эмгек шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.