Президент Садыр Жапаров 17-июнда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Жолугушуу Астана шаарында өтүп жаткан «Борбор Азия – Кытай» саммитинин алкагында өттү.
Маалыматка ылайык, эки мамлекеттин башчылары кыргыз-кытай мамилелеринин абалы жана келечеги, ар тараптуу жана жалпы стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча кеңири пикир алмашышты.
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен учурашып, кытай тарап Кыргызстандын мамлекеттик эгемендүүлүгүн бекемдөөгө, өзүнүн потенциалын арттырууга, туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга жана элдин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган бардык аракеттерин жана умтулууларын жогору бааларын жана колдой турганын белгиледи.
Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Кыргызстан Кытай Эл Республикасы менен мамилелерге өзгөчө маани берерин баса белгиледи.
«Биз өз ара урматтоого, тең укуктуулукка жана ынак коңшулукка негизделген ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жетишилген деңгээлин чын жүрөктөн жогору баалайбыз», — деди Садыр Жапаров.
Президент ошондой эле “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу башталганын канааттануу менен белгиледи.
Тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого умтуларын ырастап, эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн өз ара ишенимдин, урматтоонун жана биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду:
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы “Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу ресурстары кызматынын бөлүмдөрүн адистештирилген техника менен камсыздоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча Кат алмашуу формасында түзүлгөн макулдашуу;
— Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформалоо боюнча улуттук комитетинин ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекети Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда жасалма интеллектти колдонуу боюнча кызматташуу борборун биргелешип түзүү жөнүндө Өз ара түшүнүшүү меморандуму;
— Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Өнөр жай жана маалыматташтыруу министрлигинин ортосундагы Кайра иштетүү өнөр жайы жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Чек арадагы саламаттык сактоо жана карантин жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
— Кыргыз улуттук “Кабар” мамлекеттик агенттиги менен Кытайдын Медиакорпорациясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
— Кыргыз Республикасынын “Слово Кыргызстана” басма үйү менен Кытай Эл Республикасынын “Синьхуа” маалымат агенттигинин ортосундагы Жаңылыктар жаатында кызматташуу боюнча Өз ара түшүнүшүү меморандуму.