30-июнда Чолпон-Ата шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы астында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.
ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында эл аралык жана аймактык коопсуздуктун орчундуу маселелери талкууланат. Терроризмге, экстремизмге, транснулуттук кылмыштуулукка каршы туруу, ошондой эле киберкоопсуздук жана маалыматтык чакырыктарды камтыган жаңы коркунучтарга өзгөчө көңүл бурулат.
Мындан тышкары, иш-чаранын жыйынтыгында мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, интеграцияны тереңдетүүгө жана Уюмдун алкагында биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү документтерге кол коюу мерчемделген. Бул макулдашуулар аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу жаатында натыйжалуу кызматташуу жана координация үчүн негиз түзөт.