whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.01.2026
-8.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргызстан менен Пакистан соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө макулдашышты

Кыргызстан менен Пакистан соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө макулдашышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 3–4-декабрда Пакистан Ислам Республикасына жасаган мамлекеттик сапары ийгиликтүү аяктады.

Сапардын биринчи күнүндө Мамлекет башчысы Исламабаддагы Аэрокосмостук илим жана технологиялар боюнча улуттук паркта (NASTP) өтүп жаткан аскердик көргөзмө менен таанышты.

NASTP — авиация, космос, IT жана киберкоопсуздук тармактарында изилдөө, долбоорлоо жана инновацияларды өнүктүрүүгө багытталган, мамлекеттик структуралардын, илимий борборлордун жана өнөр жайдын мүмкүнчүлүктөрүн бириктирген заманбап платформа.

Сапардын экинчи күнүндө Садыр Жапаров Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф менен тар жана кеңири форматтагы сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар саясий, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык кызматташтыкты чыңдоо, энергетика, инфраструктура, маданий-гуманитардык долбоорлорду өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин экономика, деңиз портторун пайдалануу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, айыл чарба, туризм, энергетика, юстиция жана укуктук маселелер боюнча кызматташууну кеңейтүүгө багытталган документтерди алмашуу аземи өттү.

Ошондой эле Садыр Жапаров жана Шахбаз Шариф Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы Инвестициялык диалогго катышып, эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнө кеңири маалымат берилди. Форумда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылып, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү келечеги баса белгиленди.

Сапар алкагында Президент Садыр Жапаров Пакистандын Президенти Асиф Али Зардари менен да жолугушуп, соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-логистикалык кызматташтыкты тереңдетүү, маданий-гуманитардык байланышты өркүндөтүү маселелерин талкуулады.

Президент Садыр Жапаров Пакистандагы расмий сапарын жыйынтыктап, 4-декабрда Бишкек шаарына кайтып келди.

 

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар