Башкы беткеСаясат жана коомКоом1-майдан тарта “Ала-Арча” паркында от жагууга, шишкебек кылууга тыюу салынат

1-майдан тарта “Ала-Арча” паркында от жагууга, шишкебек кылууга тыюу салынат

1-майдан тарта “Ала-Арча” жаратылыш паркында от жагууга жана шишкебек кылууга тыюу салынарын президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.

Мындан тышкары, сейил бакка кирүү акысы жогорулатылды: жеңил унаалар үчүн — 700 сом, ал эми кичи автобустар үчүн — 1200 сом.

Буга чейин ошондой эле «Ала-Арча» сейил багына жеке унаалардын кирүүсүнө тыюу салынары белгилүү болгон. Ал жерде электр машиналары жүрөт. Эс алуучулар унааларын кире бериште калтырып, андан соң кириши керек болот.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар