Башкы беткеСаясат жана коомКоом№29 мектепте 86 окуучу мыйзамсыз катталган. УКМК текшерүү баштады

№29 мектепте 86 окуучу мыйзамсыз катталган. УКМК текшерүү баштады

Агартуу министрлиги 1-2-класстарга жасалма документтер менен катталгандар аныкталганын маалымдады. Буга чейин мэрия дагы Бишкекте ата-энелер балдарын белгилүү мектепке бериш үчүн шылуундук схема колдонгонун кабарлаган. УКМК мектепке жасалма документ менен катталгандар боюнча текшерүү баштады.

«Бишкектеги №29 мектеп боюнча 86 бала мыйзамсыз катталганы белгилүү болду. Башка мектептерде да аныкталууда. Натыйжада мыйзамсыз жазылгандардын каттоосу жокко чыгарылып, бул орундарга ошол микроучастокто жашаган балдар кабыл алынышы мүмкүн», — деп билдирди министрлик.

Маалыматка ылайык, тизмеден чыгып калгандар 2-июнда баштала турган 1-2-класстарга каттоонун экинчи этабында кайрадан жазылса болот.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар