Башкы беткеЖогорку КеңешВаагн Хачатурян: "Кыргызстан менен бардык тармак боюнча кызматташууга кызыкдарбыз"

Ваагн Хачатурян: «Кыргызстан менен бардык тармак боюнча кызматташууга кызыкдарбыз»

26-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Армениянын президенти Ваагн Хачатурян менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалар талкууланып, кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан Армения менен болгон алакаларга чоң маани берерин белгилеп: “Эки мамлекет ортосунда конструктивдүү саясий диалог түзүлүп, керектүү келишимдик-укуктук база калыптанган. Биз мындан ары да жигердүү кызматташып, эл аралык уюмдар жана интеграциялык бирикмелердин алкагында да тыгыз иш алып барууга кызыкдарбыз”, – деди.

Ал эми Армениянын президенти Ваагн Хачатурян акыркы жылдары жогорку деңгээлдеги жолугушуулар байма-бай өтүп жатканын эске салып, бул расмий сапар байланыштарды бекемдөөгө кошумча түрткү берерин билдирди.

Ваагн Хачатурян парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенин айтып: “Биз Борбор Азияны жана андагы өлкөлөрдү чыгыш менен батышты байланыштырган көпүрө сыяктуу көрөбүз. Андыктан армян тарап чөлкөмдөгү мамлекеттер, анын ичинен Кыргызстан менен өнөктөштүктү бекемдеп, бардык тармактар боюнча кызматташууга кызыкдарбыз”, – деди.

Айрыкча бизнес коомчулуктун ортосундагы диалогду кеңейтип, жогорку технологиялар жаатындагы алакаларды да арттыруу зарыл экенин эске салды.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар