whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.06.2025
22.3 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыПакистандан 200 миңден ашуун ооган жараны депортацияланды

Пакистандан 200 миңден ашуун ооган жараны депортацияланды

Пакистандын өкмөтү апрелден бери 200 миңден ашуун ооган жарандарын мекенине кайтарды. Бул тууралуу Agence France-Presse (AFP) Пакистандын Ички иштер министрлигинин расмий статистикасына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, апрель айында 135 миңден ашык, майда 67 миң, ал эми июндун биринчи эки күнүндө эле 3 миңден көбү депортацияланган. Исламабад соңку айларда депортация өнөктүгүн күчөтүп, мыйзамсыз жашаган жана убактылуу уруксаты жок адамдарды өлкөдөн чыгарып жатат.

Пакистандын бийлиги 800 миңден ашуун оогандын убактылуу жашоого уруксат кагаздарын жокко чыгарган. Өлкөдө ондогон жылдар бою жашап келген же ошол жакта төрөлгөн адамдар да бул өнөктүккө кабылган. Ошол эле учурда, БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариаты (UNHCR) тарабынан расмий качкын макамы берилген 1,3 миллионго жакын адам июнь айынын аягына чейин коргоодон ажырашы мүмкүн экенин Пакистандын бийлиги эскертти.

Бир эле Пакистан эмес, коңшу Иранда да ооган жарандарын чыгаруу аракеттери күчөп жатат. БУУнун Миграция боюнча уюмунун (IOM) маалыматына караганда, өткөн айда Ирандан 15 675 ооган жараны күчтөп кайтарылган. Бул — мурдагы айларга салыштырмалуу кескин өсүш. Иран өкмөтү өлкөдө жашаган документтери жок оогандарга 6-июлга чейин чыгып кетүү мөөнөтүн койгон.

Согуш жана экономикалык кыйынчылыктардан улам Пакистан менен Иранда ооган жарандарынын бир нече мууну баш калкалап келген. Эл аралык уюмдар бул аракеттерге байланыштуу гуманитардык кооптонууларын билдирүүдө.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар