whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
21.7 C
Бишкек
Башкы беткеМаданият жана адабиятАдабият“Бакшы менен Чыңгыз хан” Туринде, “Кыргыздар” Парижде презентацияланат

“Бакшы менен Чыңгыз хан” Туринде, “Кыргыздар” Парижде презентацияланат

Италиянын Турин шаарындап эл аралык китеп көргөзмө-жармаңкеси башталды. Турин китеп жармаңкеси (Salone del libro di Torino) китептин дүйнөдөгү 3 эң ири жармаңкесинин бири.

Ар жылы ушул шаарда 100 миңдеген окумал журт, жазуучулар, акындар, адабиятчылар, китеп басып чыгаруучу ишканалар, бизнесмендер, өнөр адамдары чогулуп, жаңы чыккан китептердин көргөзмөсүнө күбө болот, түркүн конференциялар, жолугушуулар, талкуулар, презентациялар өтөт, мультимедиалык аянттар, басылмалардын жана басмаканалардын павильондору күжүлдөп иштеп, китеп соодасы кызып, айтор китеп сүйүүчүлөрдүн, китеп чыгаруучулардын чоң майрамы бир нече күнгө созулат. Мисалы, эң биринчи жолу өткөн Турин китеп жарманкесине 100 миң адам катышса, таажылуу вируска чейинки китеп майрамдарына 300 миңден ашык чет мамлекеттиктер катышкан. Ушул жолкусунда да адам саны арбын болчудай дешет уюштуруучулар.

Туринде өтүп жаткан бул жолку дүйнөлүк жармаңкеде Кыргыз Эл жазуучусу Арслан Капай уулу Койчиевдин англис тилине которулган “Бакшы менен Чыңгыз хан” романы атайы презентациялануучу китептердин тизмесине киргендиктен, чет өлкөлүк окурмандарга даректүү сунушталат. “Бакшы менен Чыңгыз хан” буга чейин түрк тилинде да басылып чыккан жана түрк окурмандарынын жогору баасына татыган. Франкфурт, Нью-Йорк жана Турин сыяктуу дүйнөлүк үлкөн жармаңкелерде китептин арналуу презентациясы тургай, аты аталышы чоң сыймык.

Ал эми дагы бир орошон жазуучу, окумуштуу Каныбек Иманалиевдин “Кыргыздар” китеби француз жана перс тилдерине которулуп, басмадан чыкты. К. Иманалиевдин кыргыз жери, кыргыз эли, байыркы элдин нарк-насили, көөнөргүс өнөрү тууралуу, Кыргызстандын тарыхын, кооз табиятын, жаратылыш байлыктарын даңазаланаган ажайып китеби буга чейин англис, немис, түрк, араб, орус жана кытай тилдерине да которулган. “Кыргыздар” китебинин французча котормосунун бет ачары жакында Парижде өтөт. Ал эми перс тилиндеги басылмасы майдын аягында өтмөкчү.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар