Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мыйзам 2025-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты – жарандардын мамлекеттик бийлик органдарына болгон ишенимин жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдарынын жана мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин органдарынын, өзгөчө статуска ээ мамлекеттик органдардын жетекчи курамдагы өкүлдөрүнүн кемчиликсиз аброюн калыптандыруу, ошондой эле мыйзам үстөмдүгү жана мыйзамдуулук принциптерин бекемдөө болуп саналат.
Ушул максатта, кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын төмөндөгү: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” конституциялык мыйзамдарына, төмөнкү жагдайлар боюнча өзгөртүүлөр киргизилген, атап айтканда – соттуулугу бар (анын ичинде жоюлган же алынган), ошондой эле акталбаган (реабилитацияга жатпаган) негиздер боюнча кылмыш иши кыскартылган адамдарга карата (этиятсыздык менен жасалган жеңил жана анча оор эмес кылмыштарды, ошону менен ал кылмыштар боюнча жапа чеккен тараптын айыптоодон баш тартуусу же жабырлануучу менен айыпталуучунун макулдашууга жетишүүсү учурларын кошпогондо):
– Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоодон жана шайлоодон баш тартылат;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы жана анын мүчөсү, башка аткаруу бийлигинин органынын жетекчиси кызматтарын;
– Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү кызматын;
– Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы, анын орун басарлары жана Башкармасынын мүчөлөрү кызматтарын;
– Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору кызматын ээлөөгө тыюу салынат.
Мындан тышкары, өзгөртүүлөргө ылайык диний ишмерлер диний ишмердүүлүгүн токтоткон күндөн тартып беш жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Президенти жана Жогорку Кеңешинин депутаты кызматтарына шайланууга укуктуу эместиги белгиленген.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.