Башкы беткеМаанилүүДанияр Амангелдиев АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары менен жолукту

Данияр Амангелдиев АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары менен жолукту

Вашингтонго (Америка Кошмо Штаттары) болгон жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Кристофер Ландау менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар эл аралык санкцияларды сактоо маселелерин, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты.

Мындан тышкары АКШнын Кыргызстандын жарандарына карата миграциялык саясатындагы акыркы өзгөрүүлөргө байланыштуу маселелер сүйлөшүлдү.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар