Башкы беткеМаанилүүИшенимге негизделген стратегиялык өнөктөштүк

Ишенимге негизделген стратегиялык өнөктөштүк

Президент Садыр Жапаров 2025-жылы Кыргызстанда орусиялык компаниялардын саны 1800гө жетип, буга чейинки жылдарга салыштырмалуу үч эсе көбөйгөнүн билдирди.
Бул тууралуу мамлекет башчы 26-ноябрда “Ынтымак Ордодо” президент Владимир Путин менен кеңири форматтагы сүйлөшүү учурунда жасаган билдирүүсүндө айтты. Садыр Жапаров Россия Кыргызстандын стратегиялык жана ишенимдүү өнөктөшү бойдон каларын кошумчалады.

“Россия Кыргызстандын бирден-бир соода-экономикалык өнөктөшү бойдон кала берет. Ал эми Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жаңы инновацияларга, инвестицияга мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Биз Россиянын инфраструктура жаатында, энергетикалык, өнөр жай жана гуманитардык багыттагы колдоосун жогору баалайбыз”, — деди Садыр Жапаров.

Президент Владимир Путин да Россия Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү экенин айтып, 2024-жылы эки өлкөнүн өз ара соода жүгүртүүсү 13,60% көбөйгөнүн билдирди.

“Россиялык ишкерлердин ишенип капиталын Кыргызстандын экономикасына салып жатышы сиздин аракетиңиз (ред: Садыр Жапаров) жана ички саясаттагы оң динамикага байланыштуу. Республика сиздин башкарууңузда туруктуу жана ишенимдүү өнөктөш экенин, бул мындан ары соода-экономикалык жана инвестициялык иштер үчүн негизги шарттардын бири экенин айтам”, — деди президент Путин.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар