Башкы беткеМаанилүү9 айда 3,6 миңден ашык жаран ипотека аркылуу батир алды

9 айда 3,6 миңден ашык жаран ипотека аркылуу батир алды

Кыргызстанда 2025-жылдын январь–сентябрь айларында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) колдоосу менен 3 621 жаран батирге ээ болду. Алар турак жайды кезек боюнча жана үлүштүк курулуш механизми аркылуу, акчанын 50 пайызын төлөп алышкан.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы “Асман резиденс 4” турак жай комплексиндеги батирлерди тапшыруу аземинде билдирди.

Президенттин айтымында, бүгүнкү күнгө чейин 13 миңден ашык үй-бүлө Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жайга ээ болгон. Ал эми 69 миңден ашык жаран мамлекеттик программалардын алкагында үй алуу үчүн кезекте турат.

Жапаров ошондой эле МИКтин уставдык капиталы 2015-жылы 10 млн сом болсо, бүгүн 87,5 млрд сомго чейин көбөйгөнүн баса белгиледи.

“Асман резиденс 4” комплексинде 9 кабаттуу 12 үй курулуп, жалпы 945 батир камтылган. Алардын ичинен 153 батир мамлекеттик ипотека программасынын катышуучуларына берилди.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар