whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүДайырбек Орунбеков: "Алдамчы, калпычы жана шылуун талапкерлерге ишенбеңиздер"

Дайырбек Орунбеков: «Алдамчы, калпычы жана шылуун талапкерлерге ишенбеңиздер»

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иштери баштала элек болсо да, баягы эски адат кайра кайталанып, куру убадалар жана мамлекет аткарган иштерди “мен бүтүрдүм” деп өзүнө ыйгарып алган айрым шылуундардын аракети байкалып жатканын КРнын Президенттик Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өз фейсбук баракчасына билдирди.

Айрым талапкерлер WhatsApp топтору аркылуу Өкмөт тарабынан пландуу түрдө курулуп жаткан мектептерди, жолдорду, балдар бакчаларын жана башка социалдык объекттерди “менин демилгем менен ишке ашты, мен айтып жасаттым” деген жалган маалымат менен үгүт жүргүзүп жатышат.
Президентибиз Садыр Жапаров өз маектеринде да так белгилеген:
“Депутат мектеп курбайт, жол курбайт — анын баарын мамлекет аткарат. Эгер ушундай убадаларды беришсе, ишенбегиле”.

Тилекке каршы, буга карабастан, мурда мамлекеттик кызматта иштебеген, жөн гана “блогер” болуп жүрүп, азыр талапкер болуп катталган айрым адамдар чындыкка туура келбеген үгүт иштерин тымызын жүргүзүп жатышат.

Урматтуу жарандар!
Мындай алдамчы, калпычы жана шылуун талапкерлерге ишенбеңиздер. Кыргызстанда курулуп жаткан бардык мектептер, жолдор, балдар бакчалары жана башка социалдык объекттер — бул Өкмөттүн пландуу ишмердигинин жыйынтыгы. Аларга эч бир талапкердин түз тиешеси жок.

Эгер талапкер шайлоо баштала электе эле “бул менин салымым” деп Өкмөт аткарган ишти өзүнө ыйгарып жатса — анда ал чыныгы калпычы жана шылуун талапкер. Эртең депутат болуп калса, андан да чоң калптарды айтып, элди адаштырат. Ошондой эле, “мен жогору жактын батасын алдым”-деп имиш тараткандар дагы болушу мүмкүн. Андайларга дагы алдын-ала эскертүү берилген, катуу чаралар көрүлөт.

Ошондуктан, урматтуу шайлоочулар, ар бир талапкердин убадасын терең талдап, анын акыл деңгээлине, билими менен моралдык сапатына баа бериңиздер.
Өкмөттүн аткарган жумуштарын өзүнө менчиктеп, “мен бүтүрдүм” деп айткан адамга ишенбеңиздер — андай талапкер эл ишенимине татыктуу эмес.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар