Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыАКШ менен Азербайжан ортосунда стратегиялык жумушчу топ түзүлөт

АКШ менен Азербайжан ортосунда стратегиялык жумушчу топ түзүлөт

Жакынкы убакта америка-азербайжан стратегиялык жумушчу топ ишин баштайт. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, демилгенин максаты — эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу.

“АКШ–Азербайжан стратегиялык жумушчу тобунун уставы эки мамлекеттин ортосундагы өнөктөштүктүн жаңы негизин түзөт. Ал региондук байланыш, экономикалык инвестициялар жана коопсуздук жаатындагы кызматташууну кеңейтүүгө багытталган”, — деп белгиленет маалыматта.

Ошондой эле АКШ өкмөтү быйылкы жылдын аягына чейин Азербайжан жана Армения менен алгачкы жумушчу топторду түзүүнү да пландап жатканын кошумчалашты.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар