Өлкө башчысы өткөн жумада “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Министрлер Кабинетин жетектесем дегендерге жеңилдик
Ага ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагалык кызмат ордуна талапкерлер мамлекеттик же муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы бар, анын ичинен 5 жылы жетекчилик кызматта иштеген же 10 жыл мамлекеттик же муниципалдык кызматта тажрыйбасы болууга тийиш.
Ал эми аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери жалпы 5 жыл анын ичинде 3 жыл жетекчилик кызматта же болбосо 7 жыл мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштеген болушу керек.
Мурда кандай болчу?
Министрлер Кабинетинин төрагалыгына талапкер болуу буга чейин бир аз татаал эле. Тагыраак айтканда, жогорку билимдүү, мамлекеттик же муниципалдык кызматта 10 жыл, анын ичинде жетекчилик кызматта 5 жыл же болбосо, кесиби боюнча 10 жыл мамлекеттик же муниципалдык кызматта жетекчи болуп 10 жыл иштөөгө тийиш болчу.
Алгачкы сунуш
Бул мыйзам долбоорун алгач сунуштаганда Министрлер Кабинетинин төрагасы кызмат ордуна иш тажрыйбасы талап кылынбай турганы айтылган. Эгерде Президент ошол мыйзамга кол койгондо анда көчөдөн эле каалаган кишини кызматка дайындоого жол ачылмак.
“Кыргыз Туусунун” сыны…
“Кыргыз Туусу” гезити 2025-жылы 16-марттагы № 19 (24889) санында “Өкмөт башчысын жана мүчөлөрүн иш тажрыйбасына карабай дайындоо туурабы?” – деп өлкөдөгү аттуу-баштуу инсандарга, эксперттерге суроо салганбыз. Алар депутаттар Марлен Маматалиев, Бактыбек Сыдыков, Улугбек Ормонов, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Динара Ашимова жана Бекмурза Эргешов демилгелеген бул мыйзам туура эместигин айтышкан. Биздин сурамжылоого катышкандар чоң саясий кызматка барам дегендер ар бир тепкичти бирден басып өтүүсү кажеттигин, мамлекеттик кызматта жетиштүү тажрыйба зарылдыгын, антпесе толук бышып жетилбей турганын айтышкан. Экономика илимдеринин доктору Батыркул Баетов тажрыйбасыз адамды бийлик башына алып келүүнү кылмыш деп эсептей турганын да айткан болчу.
Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары жактырып, Президентке кол коюуга жиберишкен. Президент Садыр Жапаров коомчулуктун реакциясын көрүп, өзүбүздүн жана өңгөлөрдүн тажрыйбасын талдап, ал мыйзам долбоорун артка кайтарган.
Ошентип, бул мыйзам кайрадан оңдолуп, эмгек стажынын кереги жок деген пункт алынып, ордуна Өкмөт башчысына 7 жылдык иш тажрыйбасы, министрлерге 5 жылдык мамлекеттик кызматта топтогон тажрыйбасы милдеттүү деп жазылды.
Президентибиз гезиттерди окуп, андагы айтылып жаткан сындарга реакция кыла турганынын дагы бир далили ушул десек болот.
Бизде баары жакшы, эч кандай көйгөй жок, жашообуз жыргал деп жаза берсек чындыкка дал келбейт. Албетте, иш болгон жерде кемчилик болот. Мына ушул кемчиликти көзгө сайып айтчулар бул журналисттер экени талашсыз. Президент баш болуп реакция кылып жаткан соң, министрлер, облустук жетекчилер, акимдер деле гезитке жазылып, андагы айтылып жаткан сындарга терикпей, тескерисинче ошол кемчиликти оңдоонун үстүндө иштешсе деген изги ой.
Султанбек АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”