Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 9-июнда “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамга кол койду. Ага ылайык, кийинки шайлоо – көп мандаттуу шайлоо системасы аркылуу өтөт. Тактап айтканда өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлүп, андан 3төн депутат шайланат. Алардын бирөө сөзсүз түрдө аял болууга тийиш. Биз аталган мыйзамдын айланасында Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаровго айрым суроолорду бердик.
– Кийинки шайлоо жаңы система менен өтөт деп жатпайсыздарбы, ошол жөнүндө айта кетсеңиз?
– Жогорку Кеңештин депутаттары 30-апрель күнү президентти жана депутаттарды шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамды кабыл алышты. Ошонун негизинде кийинки парламенттик шайлоо жаңы система менен өтөт. Жөнөкөй сөз менен түшүндүргөндө Кыргызстан 30 округга бөлүнөт. Ар бир округдан 3төн депутат шайланып келет, алардын бирөө сөзсүз аял болууга тийиш. VIII чакырылышта ар бир райондон бирден депутат болот. Буга чейин айрым аймактардан депутат жок учурлар да болуп келген.
Эгерде, кайсы бир округдан жалгыз аял катышып калса, ал 1 добуш алса дагы депутат болуп келет.
– Кайсы бир шайлоо округунан 2 аял көп добуш алса экөө тең депутат болобу?
– Туура түшүндүңүз, кыргыз коомунда гендер десе эле аялдарды түшүнөбүз. Бирок, андай эмес, 8-чакырылышта 30 эркек да болуп калышы мүмкүн. Бизде эркектерди артта калтырып жеңишке жетип келген аял депутаттар да бар. Мисалы, Элвира Сурабалдиева Биринчи май шайлоо округунан жеңип чыккан.
– Округдар кандай түзүлөт?
– Ар бир округ 140 миң шайлоочудан болуп түзүлөт. Бул сандар 20 пайызга чейин көбүрөөк же азыраак болушу мүмкүн. Ал географиялык абалга байланыштуу болушу ыктымал. Мисалы Баткен, Лейлек, Сүлүктү биригип бир округду түзөт. Калганы Кадамжай районуна кошулат, Кадамжайдын айрым айыл өкмөттөрү Ош облусунун Ноокат району менен кошулушу мүмкүн. Негизги максат – элге бирдей шарт түзүп
берүү.
– Саясий партиялардын маанилүүлүгү төмөндөйт, аларды жок кылып жатасыңар деген дооматтар да жок эмес?
– Андай эмес, саясий партиялар өздөрүнүн курултайында карап, 30 округдан өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүүгө акысы бар. Мурда бир партиянын ээси менен сүйлөшүп алып, үгүт иштерине катышпай деле акчанын күчү менен депутат болгондор бар эле. Эми андай болбойт, ар бир талапкер өзүнүн саясий аброюна жараша добуш алат.
– Буга чейин бир мандаттуу шайлоо округунан чыккандарга күрөө 100 миң сом болчу. Азыр анын баасы көтөрүлүптүр, анын үстүнө күрөө кайтарылбайт экен?
– Мурда 100 миң сом күрөө акысы болчу, эгер, талапкер шайлоодон жеңип келсе, ал акчасы кайтарылып берилет эле. Азыр болсо бул салым болуп калды, талапкер өтсө да, өтпөсө да акчасы кайтарылбайт. Талапкер өзүн-өзү көрсөтсө да, партия көрсөтсө да 300 миң сом салым төлөйт. Бул акча финансы министрлигинин балансында калат.
– Шайлоочулар аз келсе шайлоо жараксыз деп табылабы?
– Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо андай чектөө жок. 1 пайыз шайлоочу келсе деле шайлоо өттү деп таанылат. Ал эми референдумда шайлоочулардын көбү келүүсү абзел.
Бирок, Боршайком шайлоону уюштуруу, түшүндүрүү аркылуу жарандардын шайлоого активдүү катышуусун камсыздоого аракет кылабыз. Жаңы мыйзамга ылайык, аралыктан добуш берүү каралган. Башкача айтканда шайлоочу кайсы жерде болбосун, каалаган шайлоо тилкесине кирип, паспорту боюнча катталган жериндеги талапкерлерге добуш бере алат. Бул өлкөнүн сыртында жашаган мекендештерибиз үчүн дагы ыңгайлуу болот. Мурдагыдай атайын тизмеге туруп убара болушпайт. Өлкөнүн сыртында жалпы 59 шайлоо тилкеси бар, биз алардын санын көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.
– БШКнын чечимдерин сот аркылуу кайрадан кароого тыюу салыныптыр. Ошол жөнүндө айтып берсеңиз?
– Жаңы мыйзамга ылайык, шайлоо бүтүп, ЖК депутаттарына мандаттар берилгенден кийин БШКнын токтомдорун, чечимдерин кайрадан кароого тыюу салынды. Өзүңүздөр билгендей, айрым учурларда шайлоодон 1-2 жыл өткөндөн кийин сот аркылуу шайлоо комиссиясынын токтомдорун жокко чыгарып, мандат алгандар да болгон. Эми мандат алган адамдын мандатын сот аркылуу алып коюуга эч кимдин акысы болбойт.