whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.01.2026
-8.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүThe New York Times Тянь-Шань тоолорун саякаттоого мыкты жайлардын катарына кошту

The New York Times Тянь-Шань тоолорун саякаттоого мыкты жайлардын катарына кошту

Америкалык The New York Times гезити Кыргызстандагы Тянь-Шань (Теңир-Тоо) тоолорун 2026-жылы саякаттоого сунушталган дүйнөдөгү мыкты багыттардын тизмесине киргизди. 2026-жылы Кыргызстан Борбор Азиядан бул рейтингге кирген жалгыз өлкө болду.

Басылма туристтерге өлкөнү чыгыштан батышка кесип өткөн, Теңир-Тоо аркылуу өтүүчү жөө саякат маршрутуна көңүл бурууну сунуштайт. Анын жалпы узундугу 1 243 чакырымды түзөт. The New York Times бул жолду Борбор Азиядагы эң таасирдүү жөө маршруттардын бири деп баалаган.

Маршруттагы негизги кооз жерлердин катарына Көл-Суу көлү, XV кылымда курулган Таш-Рабат кербен сарайы, ошондой эле Жалал-Абад облусундагы Саймалуу-Таш улуттук паркы кирет.

Редакторлор бул аймакка июнь айынан сентябрь айына чейин саякаттоону сунушташат. Бул мезгилде тоо ашуулары ачык болуп, бийик тоолуу көлдөр муз менен каптала элек болот.

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар