whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.01.2026
-8.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүӨлкөдө айрым желим идиштерди колдонууга чектөө киргизилди

Өлкөдө айрым желим идиштерди колдонууга чектөө киргизилди

Жакында президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамына кол койгон. Жаңы мыйзамга ылайык, өлкө аймагында кайра иштетүүгө мүмкүн болбогон бир катар идиштерди колдонууга тыюу салынды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин калдыктар боюнча иш жүргүзүү бөлүмүнүн адиси Нурсултан Акматов радиолордун бирине берген маегинде колдонууга тыюу салынган желим идиштерди тизмектеди.

Белгилей кетсек, бул мыйзам менен буга чейин колдонулуп келген төмөнкү желим буюмдарды өлкөнүн бардык аймагында колдонууга тыюу салынып, төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилген:

  • бардык түрдөгү бир жолку колдонулуучу пластик идиш-аяктарды, тамак-ашка арналган пластик таңгактарды, ПЭТ бөтөлкөлөрдү, пластик жумуртка таңгактарын жана азык-түлүк үчүн тор баштыктарды колдонууга тыюу салынат;
  • Ысык-Көл облусунун курорттук аймактарында, көл жээгинде, бакчаларында жана жеке зонанын аймагындагы пластикалык полимердик пакеттерди колдонууга тыюу салынат;
  • Кыргызстандын бардык аймагында полимердик баштыктарды 2027-жылдан баштап колдонууга тыюу салынат.

Андан тышкары, 2025-жылдан тартып Кыргызстанда Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги (ӨКЖ) системасы киргизилгендиги маалымдалды.

«Бул системанын негизинде 2025-жылдан баштап өлкө аймагындагы өндүрүүчүлөргө жана Кыргызстанга товар импорт кылган импорттоочуларга жоопкерчилик коюлуп жатат. Мында алар өлкөгө киргизген же өндүргөн товарлардан чыккан калдыктарды кайра иштетүүгө же жок кылууга жоопкерчилик алышат. Пластикалык идиштерди колдонууга тыюу салуу менен бирге мыйзамдын негизинде бул товарлар кайра иштетүүгө жарайт. Ошентип биз кайра иштетүүгө көбүрөөк басым кылып жатабыз», – деди Акматов.

Гезит

Дөөлөтбек БЕРИКБАЕВ: “Биз жаңы баскычтагы жаңырган Кыргызстанды курууга бет алдык

       Мамлекеттик жана коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты, “Ак-Талаа Эл” коомунун Президенти,  “Уңгужол” доктринасын ишке ашыруу боюнча “Уңгужолдун насааткери” сертификатынын ээси Дөөлөтбек...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар