Президент бул жер бир канча жыл мурда тебеленип жаткан жөн гана талаа болгонун, анда жаш футбол сүйүүчүлөр чогулуп, мелдештер өтүп жүргөнүн эске салды. Бара-бара алардын ынтызарлыгы жана өжөрлүгү менен айылда азыр өлкөнүн премьер-лигасында ойноп жаткан “Талант” командасы пайда болгону айтылды.
«Бүгүнкү күндө «Достук Арена» өз эмгеги жана тырышчаактыгы менен күйөрмандардын сый-урматына ээ болгон «Талант» командасынын жаңы оюн талаасына айланууда», — деп белгиледи Садыр Жапаров.
Маалыматка ылайык, жаңы объектте футболчулар жана күйөрмандар үчүн бардык шарттар каралган: табигый жана жасалма көк майсаң чөп оюн талаасы, оюнчуларга ылайыкталган жатакана, тамактануу жайы, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, административдик бөлмөлөр, фитнес зал, медиа, расмий өкүлдөр жана VAR-системасы үчүн дагы бөлмөлөр бар.
Стадионго “Достук Арена” атын берүү демилгеси Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти Камчыбек Ташиевге таандык экенин белгиленди.
Президент 2023-жылы “2034-жылга чейин Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койгонун жана Улуттук футболду өнүктүрүү программасын кабыл алганын эскертти. Бул чечимдердин аркасында өлкөбүздө спорттук инфратүзүмдүк өзгөрүүлөр башталды: 17 стадионду калыбына келтирүү иштери башталып, жалпысы 5 миллиард 400 миллион сомдон ашуун акча каражат жумшалган.
“Алардын ичинен, 10 стадион 2024-жылы ишке берилсе, калганы – Каракол, Өзгөн, Токтогул, Кара-Суу жана Бишкек шаарларындагы стадиондор жакынкы мезгилде тапшырылат.
2025-жылы дагы 15 объектте курулуш иштери башталып, анын ичинде облустук борборлор болуп эсептелинген Баткен, Нарын, Талас жана Токмок шаарларында дагы ири стадиондор салынат. Мындан тышкары Бишкекте 51 миң адамды сыйдыра турган, Орто Азиядагы эң ири «Бишкек Арена» стадиону салынууда. Анын курулушу эмдиги жылы бүтүп, Эгемендик күнүндө тапшыруу мерчемделип жатат”, — деди Садыр Жапаров.
Мындан сырткары, өлкө башчы жаңы спорт инфраструктурасы кыргыз футболунун эл аралык аренада мындан аркы ийгиликтерине түрткү болоруна ишенимин билдирди. Садыр Жапаров улуттук курама команда 2027-жылы өтүүчү Азия кубогуна жолдомо утуп алганын жана 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына катышуу үчүн күрөштү улантып жатканын эске салды.
Ачылыш аземинен кийин Кыргызстандын Премьер-Лигасынын 7-турунун алкагында “Талант” (Беш-Күнгөй) жана “Алга” (Бишкек) футболдук клубдарынын беттеши болду.
Беттеш 2:1 эсебинде «Алга» командасынын пайдасына аяктаган.