whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.06.2025
22.4 C
Бишкек
Башкы беткеАктуалдуу маекА.САЛЫМБЕКОВ: “Биздин студенттер сырттан 10-12 миң долларлык буюртмаларды алып жатышат”

А.САЛЫМБЕКОВ: “Биздин студенттер сырттан 10-12 миң долларлык буюртмаларды алып жатышат”

Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстан брендине айланган «Дордой» ассоциациясынын ардактуу президенти, КРнын Эмгек Баатыры, коомдук ишмер, меценат Аскар САЛЫМБЕКОВ быйыл 70 жашка толду. 70 жылдык юбилейи республикалык деңгээлде белгиленген ишкер, мамлекетибиздин спорт, маданият, экономикасына Ала-Тоодой зор салым кошкон жаратман инсанды кутман курак юбилейинен соң  кепке тартып, ар кыл суроолорубузга жооп алдык. 

– Аскар Мааткабылович, чет өлкөлөрдө мыкты адистерди, кадрларды мектеп жашынан тарбиялап, иргеп, аларды кийин ЖОЖдордо такшалтып туруп ири долбоорлорго, бизнеске, мамлекеттик кызматтарга салып жатышат. “Дордой” келечектүү адистерди даярдоодо, бизнесмендер менен окуу жайлардын байланышын чыңдоо багытында кандай иштерди жасап жатат?

– Чынында, ишкерлердин арасынан илим, билим арыгын чапкандардын алгачкылары биз болгонбуз. 2012-жылы А.Салымбеков фондусун түзүп “Кыргызстандын жаш лидерлери” долбоорун ачканбыз. Студенттер жана студент эместердин арасынан жаш лидерлерди тандап алып, ар бирин 6 айдан бекер окутуп, этап-этап менен өстүрүп чыгардык. Азыр да бул иш уланып жатат. Азыр жаш лидерлерибиз Кыргызстандын болгон тармактарында, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө эмгектенип жатышат. Кийин жаш окумуштууларга “Акыл тирек” деген сыйлыгыбызды берип, колдоо көрсөттүк. Мындан сырткары, ар бир облус борборлорунда бизнес-мектептерди ачтык. Азыр анын баары иштеп жатат. 5 жыл мурун университет түзүп, ал жакта медицина кызматкерлери менен бизнесмендерди даярдап келе жатабыз. Эки жыл мурун Американын Силикон өрөөнүнө барып, мамиле түзүп, ал жерде иштеген кыргыз балдарын алып келип америкалык IT институтун ачтык. Учурда ал жактан келген индус, түрк, кыргыз мугалимдер биздин студенттерди окутуп жатышат. Биздин университеттин 2-курсунун студенттери Америкадан, Европадан айына 10-12 миң долларлык буйрутмаларды алып жатышат. Бизде башка жактарга салыштырмалуу интеллектуалдык иштердин баа-сы беш, он эсе арзан. Ошол үчүн чет өлкөдөн биздин балдарга буйрутмалар көп түшөт экен. Ошентип түзүлгөнүнө 5 жыл болгонуна карабай биздин университет Кыргызстандагы эң креативдүү, өнүгүп бара жаткан окуу жайлардын бири болуп калды. Буюрса, программисттерди даярдоо боюнча биздин университет жакшы нукта бара жатат. Кыргыздын мыкты программисттерин даярдоо үчүн, кыргыздын намысы үчүн Америкадан жылына 700-800 миң доллар маяна алган кыргыз мугалимдер келип биздин окуу жайда иштеп жатышканын да баса белгилей кетишим керек.

– “Дордой” спорт клубуна, “Дордой” футбол академиясынын түзүлгөнүнө деле көп жыл болуптур. Жакынкы жылдарда “Дордой” футбол командасын эл аралык футбол аренасынан көрө алабызбы?

– Ооба, “Дордой” футбол клубу 1997-жылдан бери келе жатат. Футбол академиябыздын түзүлгөнүнө да 15 жылдай болуп калды. Буга чейин “Дордой” менен Абдыш-Ата деген эки эле профессионалдык футбол клубу болгон. Бир футбол клуб түзүлсө, экинчиси тарап кеткен кыйын учурларда да биз ойноп келдик. Азыркы Улуттук футбол курама команданын балдарынын 90 пайызы биздин балдар. Токотаев, Кичин жана башкалар биздин ассоциациядан тарбияланып чыгышкан футболисттер. Буга чейин биз Азия кубогунда жүрдүк, 6 жолу финалга чыгып экөөндө уттук. Кудайга шүгүр, азыр президент өзү футбол ойноп, Камчыбек Ташиев өзү Футбол федерациясынын президенти болуп, жакшы өсүштөр болуп жатат. Мурда болгону 4 курама командабыз болсо азыр 14 курама командабыз бар. Футбол клубдар, командалар көбөйүп, атаандаштык күчөп, футболдун деңгээли көтөрүлдү. Быйыл 14 команданын ичинен “Дордой” 1-орунда келе жатат. Эмдиги жылы Кыргызстан футбол клубдарынын арасындагы мелдеште да биздин футболдук клуб намысты колдон алдырбайт деп ишенем. Чынында мурда өлкө ичиндеги футболдук клубдар чемпионаттары алсыз болчу. Азыр команда көп болгондуктан беттештер абдан курч мүнөздө өтүп жатат. Андыктан, жакынкы убактарда жакшы өсүштөр болот деп ойлойм.

– Буга чейин чыгармачыл чөйрөгө да көп жардамдарды берип келдиңиз…

– Негизи кыргыз 60тан өткөндөн кийин эле китеп жазгысы келип калат экен. Азыр китеп толуп кетти. Албетте, китептин чыгып турганы жакшы. Китеп демекчи, жакында мага Турдакун Усубалиевдин кызы Бермет Усубалиева чалып атамдын китептеринен алып кетпейсизби деп калды. Көрсө а кишинин чогулткан китептерин балдары, неберелери алышып, алар алгандан кийин да далай китеп калыптыр. Фрунзе музейине барсам  бир бөлмөнүн жарымы толо аксакалдын китептери экен. Арасынан тандап бир нече китебин алдым. Таң калычтуусу Турдакун аксакал ошончо китептин ар бирин окуп, беттерин кызыл, көк карандаш менен белгилеп чыгыптыр. 1957-жылы чыгып, бир топ талаш-тартышты жараткан мукабасы кызыл, орусча “Манас” китеби бар экен. Анда Мухтар Ауэзовдун “Манасты” жактаган докладдары да камтылыптыр. Ошонун баарын окуп, олуттуу жерлеринин астын сызып чыгыптыр. Буюрса, китепти “Манас” академиясына тапшырайын деп турам.

– Мына сиз отуз жыл ичинде кыргыз спортуна миллиондорду сарптадыңыз. Балким, сизге меценат адам улуттук адабиятка миллиондорду берсе кандай болот эле?

– Негизи улуттук адабиятка кам көрө турган мамлекет бар. Адабиятты өнүктүрүү боюнча атайын саясат болуш керек, саясатты колдогонго анан каражат керек. Негизи улуттук адабиятты өнүктүрүү-өстүрүү боюнча улуттук программа барбы? Анан Илимдер академиясында адабият институту, тил институту өздөрүнүн программаларынын негизинде китептерди чыгарып жатышат. Бирок, ал менимче жетишсиз го. Адамдар электрондук китептерге, соцтармактарга өткөн кезде адабият боюнча улуттук деңгээлде бир иштерди жасап жатабызбы? Муну Салымбеков жасасын, муну тил институту жасасын, муну университеттер жасасын дегендей так багытталган программалар жок го менимче азыр. Жазуучулар союзунун ал-акыбалы, адабиятчыларга болгон мамиленин кандай экенин болсо көрүп жатабыз. Ошондуктан азыркы заманга дал келе турган анализ жасап туруп реалдуу иш жасашыбыз керек. Болбосо миллиондогон акчаны чачасың, а китепканада бир киши жок. Азыр китепканалар эртең мененки 9дан кечки 6га чейин иштейт. Ал убакта элдин баары иште, башка жактарда болот экен. Ошондуктан кечки алтыдан 10-11ге чейин жаштар келип компьютерде отуруп иштегидей кылса болот эле. Ат-Башынын борборуна заманбап китепкана куруп бергенбиз. 10 китепканачы келип кечке отуруп, 15-20 миң сомдон айлык алышып, отунга, светке акча төлөнүп эч кандай кайтарым жок болду. А китепканага болгону күнүнө 5-6 эле киши келип жатты. Анан биз 5 китепканачыны күндүз, 5өөнү кечкисин иштегидей кылдык дагы, компьютерлерди коюп, буфетин ачып бердик. Азыр ал жакка эл тынымсыз кирип-чыгып, китеп окуп, компьютерлерде отура башташты. Бир чети китепкана райондун көркү да болуп калды. Мына ушундай өзгөрүүлөргө барбасак болбойт.

Адабият демекчи, Бишкектин ар жеринде акын-жазуучулардын, атактуулардын эстеликтери турат. Алардын ким экенин, кандай эмгек кылганын азыркы жаштар билбейт деле. Ошондуктан эстеликтердин жанына жакшынакай сквер кылып, акындын же жазуучунун кыскача өмүр баянын, таасирдүү сөздөрүн, чыгармаларын тактага түшүрүп илип коюш керек. Ошондо ары-бери өткөндөрдүн көкүрөгүндө жок деген акындын баалуу сөзү калат. Болбосо “Манасты” Аалы Токомбаев, “Семетейди” Кубанычбек Маликов, “Сейтекти” Темиркул Үмөталиев кагазга түшүргөнүн, алардын залкар жазуучу экендиктерин жаштардын көбү билбейт.

– Коомдук ишмер, жазуучу Каныбек Иманалиев жазгандай сизге жардам сурап же ар кандай маселелер менен күнүнө толгон токой адам чалса керек. Чалуулардан чарчайсызбы?

– Негизи адамдын шагын сындырбаш керек. Эгер кайсыл бир ишти жасай албасаң шартым, убакытым жок деп түшүндүрүп койгон оң. Мурда мен минтип айта алчу эмесмин. Кийин ошентип айта баштадым. Анткени, жардам сурагандын баарына эле түтө албайт экенсиң. Мен эмес президентибиз деле кыргызстандыктын баарынын эле маселесин чече албайт. Себеби, канчалаган адам өзүнүн жеке көйгөйүн чечип алыш үчүн өлкө башчысына кайрылат. Мага кайрылгандардын да 90 пайызы жардам сурагандар. 10 пайызы бизнес пландар, сунуш, идеялар менен келишет. Аларга өз кеңешимди берип, алардын сунуштарынын керектүүсүн өзүмө кабыл алам.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”

Аскар Салымбеков менен болгон бул маектин толук видеоверсиясын “Кыргыз Туусунун” You Tube каналынан көрсөңүздөр болот. 

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар