whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.06.2025
22.3 C
Бишкек
Башкы беткеМаданият жана адабиятАдабиятЭ.КАПТАГАЕВ: “Си Цзиньпиндин 4 томдугу көлөмү жагынан да, концептуалдык мазмуну жагынан...

Э.КАПТАГАЕВ: “Си Цзиньпиндин 4 томдугу көлөмү жагынан да, концептуалдык мазмуну жагынан да зор эмгек”

Урматтуу окурман, элибизде «Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» деген накыл сөз бар эмеспи. Коңшулар менен жакшы мамиледе болуп, ынтымакта жашоо идеясы биздин элдик философиянын өзөгүн түзө тургандыгын ар бирибиз билебиз. Биздин өлкө тикелей төрт мамлекет менен коңшубуз. Түштүк-чыгышыбызда Кытай Эл Республикасы, Түндүк тарапта Казакстан, Түштүк-батышыбызда Өзбекстан, ал эми Түштүк тарабыбызда Тажикстан турат. Бүгүнкү күнү коңшу төрт мамлекет менен тең ынтымакта жашоого толук негиз бар. Анткени, чатак чыгышынын негизги фактору болгон чек ара маселеси ар бири менен  толук чечилип, төртөө менен тең стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө, экономикалык кызматташтык жөнүндө келишимдер түзүлгөн. Эки өлкө ортосунда мамиле жакшы болуш үчүн  ар тараптуу кызматташтык тыгыз болуп, элдердин ортосундагы карым-катыш кеңири болуусу шарт. Биз коңшу мамлекеттерде болуп жаткан саясий, экономикалык, социалдык жана маданий процесстерди билсек, аларды туура түшүнө алсак гана  алар менен туура мамиле түзүүгө, ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жетише алабыз. Бул талашсыз чындык. Мына ушул өңүттөн караганда биз үчүн Кытай Эл Республикасы өтө кызык. Коңшулардын эң зору дагы, кубаттуусу дагы Кытай. Азыр дүйнөдө экинин бири болуп турат. Акыркы жылдарда Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык дагы өтө ыкчам өнүгүп бара жатат. Буга Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына жакында эле болгон мамлекеттик визити жана анын жыйынтыгы күбө.

Бирок биз бүгүн Кытайды билебиз, Кытайды түшүнөбүз деп айта албайбыз. Анткени маалымат аз, талкуу-талдоолор дээрлик жок. Мына ушул өксүктүктү толтурууга  “Роза Отунбаеванын демилгелери” Эл аралык фонду өз аракеттерин жасап келе жатканы коомчулукка белгилүү. Фонд тарабынан Дэн Жундун (Маомао) “Менин атам Дэн Сяопин” аттуу китеби, Кытай жөнүндө көптөгөн маалыматтарды камтыган  “Кытай бүгүнкү күндө” деген балдар үчүн китеп, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын жетекчиси Си Цзиньпиндин “Мамлекетти башкаруу жөнүндө” деген 4 томдугунун 1-китеби кыргыз тилинде чыгарылып коомчулук жылуу кабыл алганы белгилүү.

Учурда Си Цзиньпиндин 2-3-китептери кыргыз тилине которулуп, басмага даярдалып жатканы белгилүү болду. Фонд тарабынан колго алынып, турмушка ашырылып жаткан бул иштин Кыргыз-Кытай мамилелеринин бекемделүүсүнө, Кытайды  биздин коомчулукка ачып берүүдө, айрыкча Кытай Эл Республикасынын жана анын лидери Си Цзиньпин жүргүзүп жаткан ички жана тышкы саясаттын туура түшүнүүгө өбөлгө боло тургандыгында талаш жок. Айрыкча Си Цзиньпиндин эмгектеринде Кытайга же кытай элине гана тиешелүү маселелер эмес, бүткүл адамзаттын тагдырына, анын өнүгүүсүнө түздөн-түз тиешеси бар глобалдуу маселелер камтылган.

Ушундан улам Си Цзиньпиндин “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” деген эмгегинин 2- жана 3- китептерин кыргыз тилине которуп басмага даярдоо иштерин жетектеп жаткан белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Эмилбек Каптагаевге кайрылып суроо салууну туура көрдүк.

– Эмилбек Саламатович,  Кытай мамлекетинин жетекчиси Си Цзиньпиндин эмгектерин кыргыз тилине которуунун мааниси эмнеде жана кандай максаттарды көздөйт?

– Си Цзиньпиндин “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” 4 томдугу көлөмү жагынан дагы, концептуалдык мазмуну жагынан дагы зор эмгек. Бул эмгекте камтылган идеялар, ошондой эле теориялык жана практикалык көрсөтмөлөр жөнүндө  бир беткей, кыскача сөз кылуу мүмкүн эмес, китепте Кытайга же кытай элине гана тиешелүү маселелер эмес, бүткүл адамзаттын тагдырына, анын өнүгүүсүнө түздөн-түз тиешеси бар глобалдуу маселелер көтөрүлгөн.

“Мамлекетти башкаруу жөнүндө” эмгегинин 1-китеби кыргыз тилинде 2019-жылы жарык көргөн. Китепти кыргыз тилине которуу жана басмага даярдоо ишин белгилүү дипломат Каламбекова Бактыгүл Рысбаевна аткарган. Учурда 2- жана 3- китептер кыргыз тилине которулуп бүтүп, басмага даярдоо иштери жүрүп жатат. Котормо иштерин мен, анан журтубузга аттын кашкасындай таанымал журналист-публицисттер  Эсенбай Нурушев менен Абибилла Пазылов  үчөөбүз аткаруудабыз.

Си Цзиньпиндин “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” эмгегинин кыргыз тилине толук которулуп басмадан чыгуусу Кыргыз Республикасы үчүн өзгөчө маанидеги окуя болуп кала тургандыгында шек жок. Анткени, китепке кирген макалалар, сөздөр теориялык жактан дагы, практикалык жактан дагы баалуу идеяларды камтыган. Биз Кытайдагы болуп жаткан процесстерге көз чаптыруу менен өзүбүздөгү окуяларга, болуп өткөн жана болуп жаткан процесстерге дагы баа берүүгө, көп нерселерди ажырымдатып кароого жана туура түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алабыз деп ойлойм.

Кытай лидери өз макалаларында, ар кандай аудитория алдында сүйлөгөн сөздөрүндө кытай элинин эски накыл кептерин, макал-лакаптарды, улуу ойчулдардын айткан сөздөрүн кеңири колдонгон, аларды учурдагы көйгөйлөр менен, аткарыла турган милдеттер менен ийкемдүү байланыштыра алган. Суроолор так коюлуп, аларга жооптор ынанымдуу берилген, окууга жана түшүнүүгө оңой. Китепти барактап отуруп бир жарым миллиардга чукул калкы бар зор өлкө кандайча башкарылып жаткандыгын, бийлик менен коомдун, партия менен элдин, борбор менен аймактардын ортосундагы мамилелер кандайча калыптанып, кандайча иш жүзүнө ашырылып жаткандыгын, Кытай Эл Республикасынын ички жана тышкы саясатынын чордонун, кытай лидеринин эл аралык мамилелерге, адамзаттын келечек тагдырына карата көз караштарын толук баамдоого болот. Си Цзиньпиндин бул китеби азыркы Кытайды билүүгө, андагы болуп жаткан процесстерди туура түшүнүүгө мыкты колдонмо болуп калат деп айтууга толук негиз бар.

– Китептин өзөгүн түзгөн негизги ойлор жана идеялар жөнүндө айтсаңыз, айрыкча учурда өзгөчө маанилүү болуп турган өңүттөрү кандай?

– Жогоруда айтпадымбы, Си Цзиньпиндин эмгектеринде камтылган идеялар, ошондой эле теориялык жана практикалык көрсөтмөлөр жөнүндө  бир беткей, кыскача сөз кылуу мүмкүн эмес деп. Китепте Кытайдын ички жана тышкы саясатынын бардык маселелери камтылган, башкача болуусу дагы мүмкүн эмес да.  Өзөктүү идеялар өтө эле көп.

Алардын ичинен бөлүп айта турган болсок – бул өз элинин тарыхына жана маданиятына болгон мамиле.

 

“Тарыхты өздөштүргүлө, ошондо дүйнөнүн өнүгүүсүнүн башкы тенденцияларын түшү­нөсүңөр”.

Си Цзиньпин

Чындыгында эле тарыхты таануу, тарыхый ой жүгүртүү жана тарыхый жол
улоочулук Си Цзиньпин үчүн теориялык жагынан дагы, практикалык жагынан дагы мамлекетти башкарууга усул болуп, анын тарыхый көз караштарын, анын дүйнө
таанымын жана ал карманган асыл нарктарды, дөөлөттөрдү аныктап тургандай. Пекин университетинин студенттери менен жолугушууда Си Цзиньпин:

“Улут, өлкө өзү ким болгондугун, өз тамыры кайда жаткандыгын, кайсы жакты карай бара жаткандыгын билүүсү абзел, ушуларды түшүнгөн соң гана өз максатын карай кыйшаюсуз жүрүүгө тийиш”, – деп айтып жатпайбы Си Цзиньпин.

Өтө терең айтылган ой. Кытайда социализм идеясы башкы орунда турат. Кытай саясатындагы башкы төрт ишеним мына ушуга негизделген – бул кытай өзгөчөлүгүндөгү социализмдин жолуна, теориясына, түзүлүшүнө жана  маданиятына  болгон ишеним. Бул ар бир жаранга коюлган талап. Си Цзиньпин өз эмгектеринде  кытай өзгөчөлүгүндөгү социализм Кытайдын миңдеген жылдарды камтыган тарыхый кыртышында өнүктүрүлүп жаткандыгын,  социализмдин негизги асыл нарктары кытай маданиятынын мыкты үлгүлөрү менен терең айкалышта экендигин,  тандалып алынган жол, иштелип чыккан социализм теориясы жана калыптанып жаткан коомдук жана саясий түзүм  туура экендигин  далилдөөгө, элдин калың катмарларын мына ушуга ынандырууга аракет жасап жатат.

Улуттун өзүн өзү таануусу, өз идент-түүлүгүн табуусу биз үчүн дагы өтө учурлаш (актуалдуу)  маселе экендиги талашсыз. Биз деле тарыхый окуяларды эскерип, тарыхый даталарды белгилеп жатабыз. Мисалы, өткөн жылы Кара-Кыргыз автономиясынын 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгиледик. Бирок, ошондон кандайдыр бир маани чыгарып, кандайдыр бир сабак ала алдыкпы?

Бул өтө чоң суроо.  Анткени, биз үчүн дагы социализм жана марксизм идеялары жат эмес. Кандай кылган күндө дагы ошол 100 жылдык соңку тарыхыбыздын ичинде “социализм куруунун” 70 жылдан ашуун мезгили жатат. А түгүл ошол СССР маалында “өнүккөн социализм” куруп салдык деп дүйнөгө жар салганбыз. Менин оюмча, Си Цзиньпиндин  кытай өзгөчөлүгүндөгү социализм жөнүндөгү  жазган ойлору менен таанышуу өзүбүздүн өткөн тарыхыбызга назар салууга, ошол мезгилге туура баа берүүгө жана туура тыянактарды чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Биз үчүн жол издөө, багыт тандоо процесстери али бүтө элек да.

– Си Цзиньпиндин бир сөзүн биздин редактор Алмаз Кулматов кытай дипломаттары менен жолукканда мисал келтирди эле: «Биз дүйнөнү мыкты түшүнүүгө, дүйнө Кытайды жакшы билүүгө тийиш».

– Ооба. Си Цзиньпиндин эмгектериндеги азыр өзгөчө учурлаш болуп турган маселе – бул анын адамзаттын тагдырлаш коомдоштугун түзүү идеясы.

Анткени, азыр эл аралык мамилелер өтө кооптуу кырдаалга келип калды, эрежелер бузулду. Бириккен Улуттар Уюмунун аброю төмөндөп, эл аралык мамилелердеги  орчундуу маселелерди чечүүдө мүмкүнчүлүгү чектелип,  дүйнөдө чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Орус-Украина согушу менен Израил-Палестина, Индия менен Пакистан жаңжалы, АКШ президенти Дональд Трамп жүргүзүп жаткан “соода-тариф согушу” дүйнөнү жаңы реалдуулуктун алдына алып барып такап койду.

Учурунда СССРдин ыдырап таркап кетиши, “Социалисттик” деп аталган лагердин, Варшава келишиминин жок болушу  “кансыз согуш” дегендин токтошуна алып келген. Натыйжада,  жарыша куралдануу процесси токтогондой болуп, адамзаты кызматташтык жана биргеликте өнүгүү жолуна түшкөндөй көрүнгөн. Бирок  азыр жарыша куралдануунун жаңы багыттары ачылып, жалпы коопсуздукту камсыз кылуу механизмдери жокко чыгып жатпайбы.

Мына ушундай курч кырдаалда Кытай Эл Республикасынын туруктуу позициясы, ошондой эле Си Цзиньпиндин:

“Биз  БУУнун Уставынын принциптерин кармана тургандыгыбызды тастыктап,  өзөгүн кызматташтык жана өз ара пайда түзө турган жаңы типтеги эл аралык мамилелерди калыптандырып, адамзаттын тагдырлаш коомдоштуктарын түзүүбүз керек, биздин алдыбызда дагы далай мээнет жатат”, – деген сөзү адамзаттын келечегине карата оптимисттик маанайга шарт түзөт дегенин эске алуу абзел.

Си Цзиньпин БУУнун Генералдык ассамблеясынын 70-сессиясындагы сүйлөгөн сөзүндө: “БУУнун Уставынын негизинде суверендүү тең ортоктук принциби жатат. Дүйнөнүн келечегин бардык өлкөлөр бирге калыптандыруусу керек. Бардык өлкөлөр тең, ири, күчтүү жана байлар кичине, алсыз жана жардыларды кемсинтпөөсү, кысымга албашы жана эзбеши керек. Суверенитет принциби  бардык өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгү кол тийгис экендигин гана түшүндүрбөйт, ал  эч ким эч кимдин ички иштерине дагы кийлигише албай тургандыгын туюндурат. … Талаш-тартыштар менен пикир келишпестиктер диалог жана консультациялар жолу менен чечилүүсү керек. Биз глобалдык өнөктөштүктү дүйнөлүк жана аймактык деңгээлдерде калыптандырууга тийишпиз, ошону менен бирге мамлекет аралык мамилелерге карата жаңы көз караштарга таянуубуз керек. Мында  башкы орунда  “тирешүү эмес, диалог турат, алдыңкы планга блокторго биригүү саясаты эмес, өнөктөштүк  чыгат”.  Алдыңкы өлкөлөр өз мамилелеринде  бейчатактык, бейтирешүү, өз ара урмат,  кызматташтык жана өз ара пайда принциптерин карманууга тийиш”, – деп айткан.

РЕДАКЦИЯДАН: Албетте, бир маек менен Кытай лидери Си Цзиньпиндин эмгектериндеги идеяларды толук ачып берүү мүмкүн эмес.  Ошондуктан, ылайыктуу форматын таап, бул китептердеги айтылган ойлорду, Кытайда учурда болуп жаткан окуялар жана процесстер менен, ошондой эле биздин өзүбүздүн тарыхыбыз жана учурдагы процесстер менен байланышта карап, талкуулап, коомчулукка жеткире алсак туура болчудай. Бул эки өлкөнун ортосундагы кызматташтыктын, карым-катнаштын бекемделишине дагы оң таасирин бере тургандыгы анык. Эгер макул болсоңуз бул багытта биргеликте аракет кылалы.

Анара Арзыбай кызы, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар