Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өкмөт өкүлдөрүнө чет өлкөдө чыгарылган автоунааларды колдонууну токтотууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз катчысы Бекзод Хидоятов билдирди.
Анын айтымында, премьер-министрдин өзү расмий Mercedes-Benz S-Class үлгүсүндөгү унаасын Chevrolet Malibu`га алмаштырды.
Буга чейин, 5-мартта президент Шавкат Мирзиёев мамлекеттик кызматкерлер жергиликтүү өндүрүш товарларына, анын ичинде автоунаа жана эмеректерге өтүүсү керектигин билдирген. 7-марттагы жыйында Абдулла Арипов бул буйрук токтоосуз, тез арада аткарылышы керектигин баса белгиледи.
Ошентип, Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нуриддин Исмаилов менен Сенаттын төрайымы Танзила Нарбаева азыр Chevrolet Tahoe унаасын колдонушса, вице-премьер-министрлер Малибуга, акимдер Тахо жана Траверске өтүштү. Мурда колдонулган кызматтык унаалар акырындык менен E-auksion платформасы аркылуу аукционго коюлат.
Учурда бардык мамлекеттик органдар, анын ичинде министрликтер, ведомстволор, акимдиктер жана Каракалпакстандын Министрлер кеңеши өздөрүнүн автопарктарын жергиликтүү автоунааларына өткөрүштү.