Башкы беткеРубрикаларЭкологияЖол тейлөө ишканалары 800 түп көчөт отургузушту

Жол тейлөө ишканалары 800 түп көчөт отургузушту

Өткөн аптада Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун боюна 800 түп көчөт отургузулду.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, алсак унаа жолдун 71-72-чакырымдар аралыгына 300 түп, 105-107-чакырым аралыгына жана Дорожный — Чолок — Боомдун 0-1-чакырымдар аралыгына жалпысынан 500 даана көчөт отургузулду.

Белгиленгендей, жол жээгин жашылдандыруу иштери Военно-Антоновка-Үчхоз, Киркомстром-Жал-Аламүдүн, Ош-Баткен-Раззаков, Бишкек-Ош, Кара-Суу-Отуз-Адыр-Кең-Сай жана башка жети дубан жолдорунда жүрүүдө.

Эскерте кетсек, көчөттөр «Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында Жол тейлөө ишканалары тарабынан отургузулду.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар