Башкы беткеМаанилүүАдылбек Касымалиев эмгектин алдыңкыларына сыйлыктарды тапшырды

Адылбек Касымалиев эмгектин алдыңкыларына сыйлыктарды тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон кызматкерлерге Ардак грамота, Ардак белги жана алкыштарды тапшырды.

Өз сөзүндө Касымалиев Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн белгилеп, 2025-жылдын 8 айында ички дүң продукциянын өсүшү 11 пайыздан жогору болгонун айтты. Жыл аягына чейин консолидацияланган бюджеттин көлөмү 1 триллион сомго жетери күтүлүүдө. Анын натыйжасында жүздөгөн курулуш жана өндүрүш ишканалары ишке кирип жатканын белгиледи.

“Бүгүнкү сыйлыктарды алган ар бириңиздердин эмгегиңиздер өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошот. Биз үчүн эң негизгиси – ынтымак жана тынчтык”, – деди Касымалиев.

Сыйлык тапшыруу аземинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жергиликтүү кеңеш депутаттары, курулушчулар, геологдор, укук коргоо жана сот органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү сыйланды.

Сыйлыктар Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу тапшырылды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар