Башкы беткеМаанилүүЫсык-Көлдө ЖККУнун «Чек-2025» машыгуулары башталды

Ысык-Көлдө ЖККУнун «Чек-2025» машыгуулары башталды

Бүгүн Балыкчы шаарындагы «Эдельвейс» окуу борборунда ЖККУнун Борбор Азия регионунун тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн «Чек-2025» командалык-штабдык машыгуулары башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Машыгуунун негизги темасы — мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу боюнча күжүрмөн аракеттерди даярдоо жана өткөрүү.

Ачылыш аземине ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов, Кыргызстандын коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев, Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев жана башка расмий өкүлдөр катышты.

ЖККУнун башкы катчысы аймактагы негизги коркунуч катары Жакынкы Чыгыштан радикал-экстремисттик топтордун жылып келүү ыктымалдыгын белгиледи.

Машыгууларга:

  • 1200гө жакын аскер кызматкери,

  • 500гө жакын аскердик жана атайын техника, анын ичинде учактар, тик учактар жана дрондор тартылган.

Орусиялык контингенттин негизин 201-аскердик базанын аскерлери түзүүдө.

Ачылыш аземи бардык бөлүктөрдүн жүрүшү менен жыйынтыкталды.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар