Башкы беткеЖогорку КеңешСултанбай Айжигитов Динара Ашимованы сотко берерин билдирди

Султанбай Айжигитов Динара Ашимованы сотко берерин билдирди

Бүгүн, 19-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов дагы 10 мүнөт сурады. Сунуш добушка коюлуп, сөз берилди.

«Мен жыйында депутат катары фракциянын позициясын эмес, өз пикиримди билдирдим. Буга байланыштуу «Ыйман Нуру» фракциясынын лидери Динара Ашимова фракция жыйынынын кылып, «Айжигитов сөзүн фракция менен макулдашкан эмес» деди. Андан соң, фракция лидери мени фракциядан чыгаруу боюнча сунуш киргизди. Бир дагы регламентте депутат айта турчу сөзүн фракция менен макулдашышы керек деген жери жок. Бул мыйзамга каршы келет. Ал эми 10 мүнөттүк убакытты депутат өз пикирин билдирүүгө да сурап алса болот. Ошол эле күнү протокол түзүлүп, мен фракциядан чыгарылдым. Динара Ашимова кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, фракциядан чыгарды», — деген депутат ага 3 талап коюп, болбосо ишти Башкы прокуратура аркылуу чечүүгө мажбур болорун айтты.

Анын талаптары:

  1. «Ыйман Нуру» фракциясынын мыйзамсыз чечимин жокко чыгарсын;
  2. Айжигитовдон коомчулук алдында кечирим сурасын;
  3. Ашимова өз каалоосу менен фракция лидерлигинен кетсин.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар