Башкы беткеМаанилүүКыргызстан энергетика тармагын өнүктүрүүгө 31,4 млрд сом инвестиция тартат

Кыргызстан энергетика тармагын өнүктүрүүгө 31,4 млрд сом инвестиция тартат

Кыргызстан 2026–2030-жылдар аралыгында энергетика тармагында 10 ири долбоорду ишке ашырууну пландап жатат. Тышкы каржылоонун жалпы көлөмү 31,4 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин фискалдык саясат боюнча отчетунда айтылат.

Маалыматка караганда, башкы багыттар — ГЭСтерди, конвертердик көмөкчордондорду жана жогорку чыңалуудагы электр линияларын модернизациялоо жана реабилитациялоо.

Аталган мөөнөттө төмөнкү иштерди бүткөрүү пландалууда:

  • төрт гидроагрегатты толук алмаштыруу менен Токтогул ГЭСин жаңылоо;

  • Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын модернизациялоо;

  • Үчкурган ГЭСиндеги агрегаттарды толук алмаштыруу.

Мындан сырткары, кайра жаралуучу энергия багытында чакан ГЭСтерди куруу жана ири күн электр станцияларын ишке киргизүү боюнча негиздеме даярдалат.

Долбоорлорду Дүйнөлүк банк, Жашыл климаттык фонд жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы каржылайт деп күтүлүүдө.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар