whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.02.2026
11.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарМаданий саамалык: "Кыргыз шырдагы" жана "Кыргыз даамы"

Маданий саамалык: «Кыргыз шырдагы» жана «Кыргыз даамы»

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Нарын облусунун Ат-Башы районунда улуттук кол өнөрчүлүктү, гастрономиялык мурастарды жайылтуу жана ички туризмди өнүктүрүү максатында өткөн салттуу “Кыргыз шырдагы” жана “Кыргыз даамы” маданий фестивалдарына катышты.

Шырдак, ала кийиз сыяктуу кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү, улуттук даамдардын жарманкеси уюштурулуп, айыл өкмөттөр арасында улуттук тамак-аш сынагы, мындан сырткары “Хан Кошой” аталышындагы эл аралык мелдеш да өттү.

Иш-чара улуттук баалуулуктарды даңазалоо, эл аралык маданий байланыштарды бекемдөө, туризмди өнүктүрүү жана көчмөндөрдүн бай мурасын таанытуу максатында уюштурулган.

Эдил Байсалов куттуктоо сөзүндө нукура маданиятты сактоо, кол өнөрчүлөрдү, дыйкандарды колдоо, ошондой эле аймактын позитивдүү имиджин калыптандыруу үчүн мындай фестивалдардын өзгөчө маанисин белгиледи.

Ал мындай иш-чаралар улуттук биримдикти гана чыңдабастан, өлкөнүн тоолуу аймактарынын экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсүнө стимул болоорун баса белгиледи.

Өкмөт башчынын орун басары Нарын облусун өнүктүрүүгө багытталган ири инвестициялар тууралуу жергиликтүү тургундарга маалымат берди. Анын айтымында, учурда облуста облустун бардык райондорун камтыган 9,4 миллиард сомдон ашык инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда.

Гезит

Кышты көркөмдөгөн Олимпиада

Бул айда дүйнөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн көңүлү Италияга бурулду. Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары Кышкы олимпиада оюндарына кожоюн болуп, адамзаттын эң ири спорттук майрамдарынын бирин өткөрүүгө...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар