Башкы беткеРубрикаларАймактар«Торугарт» өткөрмө жайында 20 тонна койдун куйрук майы Кыргызстанга киргизилген жок

«Торугарт» өткөрмө жайында 20 тонна койдун куйрук майы Кыргызстанга киргизилген жок

Нарын облусундагы «Торугарт» чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайында Кытай Эл Республикасынан ташылып келе жаткан 20 миң килограмм койдун куйрук майы Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген жок.

Текшерүү учурунда Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталды. Атап айтканда, жүккө тиешелүү ветеринардык коштоочу документтер талаптарга жооп бербеген жана ташуу маалында ветеринардык-санитардык эрежелер бузулган.

Анын негизинде жүктү артка кайтаруу боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, товар «Торугарт» өткөрмө жайы аркылуу кайра жөнөтүлдү.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар