Башкы беткеМаанилүүСалык кызматы фискалдык программалык камсыздоону киргизүүдө

Салык кызматы фискалдык программалык камсыздоону киргизүүдө

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып коомдук тамактануу тармагында маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырды.

Бул система ишканалардын учурда колдонулуп жаткан эсепке алуу программаларын Салык кызматынын системасы менен интеграциялайт. Ар бир төлөм катталып, маалымат дароо салык базасына жөнөтүлөт. Натыйжада кошумча кассалык аппарат же жабдууларды сатып алуунун зарылдыгы жоголот, эсепке алуу программасынан түз эле фискалдык чек түзүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Жаңы система ишкерлер үчүн чыгымды кыскартып, ишти жөнөкөйлөтөт жана ачык-айкындыкты камсыздайт. Бул өз кезегинде көмүскө экономиканын көлөмүн азайтууга өбөлгө түзөт.

Пилоттук долбоор төмөнкү тармактарда да ишке киргизилет:

  • 2025-жылдын 1-октябрынан тарта — мейманканаларда,

  • 2026-жылдын 1-февралынан тарта — май куюучу жайларда.

Долбоор 2026-жылдын 31-июлуна чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында уланат.

Башка региондордогу ишкерлер да ыктыярдуу негизде катыша алышат. Толук маалымат алуу үчүн Салык кызматына кайрылып же 0312 62-08-67 номерине чалса болот.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар