Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыКазакстанда жаңы Конституция боюнча референдум өттү

Казакстанда жаңы Конституция боюнча референдум өттү

Казакстанда жаңы Конституция боюнча референдум өттү. Борбордук референдум комиссиясынын төрагасынын орун басары Мухтар Ерман жарандардын алдын ала катышуу жыйынтыктары менен тааныштырды. Референдумга 9 млн 126 миң 850 казакстандык катышып, добуш берген. Алдын ала маалыматтар боюнча, референдумга шайлоочулардын 73,24%ы катышкан.

«Учурдагы мыйзамдарга ылайык, эсептөө убактысы эсептөө башталгандан тартып 12 сааттан ашпашы керек», — деп белгилен Ерман.

Референдум күнү шайлоочулар үчүн 10 388 шайлоо тилкеси, анын ичинде Казакстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндөгү 54 өлкөдөгү 71 шайлоо тилкеси ачылган.

Референдумду көзөмөлдөөгө 359 эл аралык байкоочу катышкан. Добуш берүү процессин чагылдыруу үчүн 31 өлкөдөн 185 чет элдик журналист аккредитацияланган.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар