Бүгүн, 26-мартта Шымкент шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты.
Жыйын Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) алкагында өтүп, ага мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары чогулду. Отурум башталар алдында делегация башчылары саламдашып, биргелешкен сүрөткө түшүү аземинен кийин жыйын залына өтүштү.
Талкуунун жүрүшүндө экономикалык интеграцияны тереңдетүү, өз ара соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.
Жыйынга Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Армения Республикасынын Вице-премьер-министри Мгер Григорян жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев да катышты.
Кеңештин кеңейтилген курамдагы жыйыны 27-мартта улантылып, анда ондон ашуун маселе каралары күтүлүүдө.

