1-апрелден тарта бюджеттик тармактагы кызматкерлердин эмгек акылары көтөрүлөт

Бюджеттик тармакта иштеген кызматкерлердин эмгек акы төлөө шарттарын олуттуу өзгөртүүнү караган чечим кабыл алды, Президент Садыр Жапаров №121 жарлыкка кол койду. Документ мугалимдерди, дарыгерлерди, маданият, социалдык коргоо жана башка тармактагы кызматкерлерди материалдык жактан колдоого багытталган ири президенттик төлөмдөрдү киргизет.

Реформа эки этап менен ишке ашырылып, мамлекеттик сектордогу дээрлик бардык кызматкерлерди камтыйт.

Биринчи этап: 2026-жылдын 1-апрелинен тарта
Кийинки айдан баштап бир ставка үчүн туруктуу президенттик компенсациялык төлөм киргизилет:

  • +15 миң сом: билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, маалымат, спорт жана социалдык коргоо тармактарындагы кызматкерлерге.
  • +5 миң сом: бюджеттик мекемелердин техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлерине.
  • +5 миң сом: күч түзүмдөрүндөгү жарандык жана эркин жалданма кызматкерлерге (ИИМ, Коргоо министрлиги ж.б.).

Экинчи этап: 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта
Күзүндө мамлекеттик органдардын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине олуттуу кошумча төлөмдөр каралат:

  • 50%га чейин үстөк акы: иштин татаалдыгы, сапаты жана нормадан ашык иш убактысы үчүн.
  • 15 миң сом төлөм: аймактык мамлекеттик органдардын көпчүлүк кызматкерлерине кошумча ай сайын берилүүчү компенсация.

Маанилүү: Сентябрдан баштап берилчү 15 миң сомдук төлөм айрым өзгөчө макамы бар мекемелердин кызматкерлерине тиешелүү болбойт.

1-сентябрдан тарта 15 миң сом төлөм АЛБАЙ турган категориялар:

  • укук коргоо органдарынын, Куралдуу күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн кызматкерлери;
  • Юстиция министрлигине караштуу пробация департаменти жана юридикалык жардам кызматтары;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу гидрометеорологиялык кызмат жана айрым суучул кызматкерлери;
  • Айыл чарба тармагындагы айрым түзүмдөр (ветеринария, химизация жана өсүмдүктөрдү коргоо кызматтары, «АгроСмарт» мекемеси);
  • жергиликтүү соттордун судьялары;
  • Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин айрым бөлүмдөрү;
  • Президенттин иш башкармалыгы жана өзгөчө макамы бар башка мамлекеттик органдар;
  • Мамлекеттик салык кызматы жана мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик.

Бул чечим Кыргызстан боюнча бюджеттик кызматкерлердин социалдык абалын жакшыртууга багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз