Башкы беткеРубрикаларЭкономикаДүйнөдө мунай өндүрүү кескин азайды: рынокто тартыштык күчөдү

Дүйнөдө мунай өндүрүү кескин азайды: рынокто тартыштык күчөдү

Дүйнөдө мунай өндүрүүнүн көлөмү Ирандагы жаңжал жана Ормуз кысыгындагы кеме каттамынын бузулушунан улам кескин төмөндөдү. Бул тууралуу Rystad Energy аналитикалык компаниясынын баяндамасына таянып, ТАСС агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мунай өндүрүү суткасына 10 миллион баррелге чейин кыскарып, бул көрсөткүч коронавирус пандемиясы учурундагы эң төмөнкү деңгээлден да ылдый түшкөн. Натыйжада дүйнөлүк рынокто олуттуу тартыштык жаралды. Эксперттердин баамында, Эл аралык энергетика агенттиги мындай көлөмдөгү жетишсиздиктин ордун толтура албайт.

Rystad Energy компаниясынын башкы мунай аналитиги Паола Родригес-Масиунун айтымында, буга чейин рынок ашыкча өндүрүлгөн мунайдын жана Перс булуңу аркылуу ташылган танкерлердеги запастардын эсебинен туруктуулукту сактап келген. Бирок учурда мунай запастары тездик менен азайып, дүйнөлүк энергетикалык система мурдагыдай кыйынчылыктарга туруштук бере албай калууда.

Эксперттер бул жагдай глобалдык бааларга жана экономикалык туруктуулукка олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн экенин белгилешет.

Гезит

Война и вода

Ахиллесова пята пустынных стран      Ближний Восток десятилетиями жил в парадигме «нефть в обмен на безопасность». Нефть и газ давали деньги, но именно опреснение дало...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар