Башкы беткеМаанилүүСамаркандда Евробиримдик-Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын саммити болот

Самаркандда Евробиримдик-Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын саммити болот

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган делегация Страсбург шаарындагы Европарламентте тегерек столго катышууда. 

Иш чаранын алкагында Байсалов Кыргызстандын акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү негизги жетишкендиктери менен тааныштырып, Европа Биримдиги менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматтарын талкуулоо демилгесин көтөрдү. Соода, туруктуу өнүгүү, суу-энергетика күн тартиби жана климаттык кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

3-4-апрелде Самаркандда өтө турган Евробиримдик-Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын деңгээлиндеги биринчи саммитинин алдында кыргыз делегациясы ЕБ менен стратегиялык жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү бекемдөөнү дагы бир жолу ырастады. Кыргызстан Европа кеңешинин төрагасы Антонио Кошта менен Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейендин бул маанилүү иш-чарага катышуусун кубаттайт.

 

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар